Президенттике талапкер Темир Сариевдин шайлоого улам жакындаган сайын салмагы артып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Себеби, башка талапкерлердей болуп «шайтан жүрүштөргө» барган жок, акча күчүнө, башка күчүнө салган жок. Терең, мазумундуу жазылган программасын өлкөнүн ар бир аймагындагы жашоочуларга жетикиликтүү тааныштырып, таза жол менен үгүт иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, калың калктын колдосуна арызып келет.

Ал эми Темир мырза, бүгүн адаттагыдай дагы бир маанилүү маселе көтөрүп чыкты. албетте, анын бул сунушу элге майдай эле жагары турган иш. Ал тууралуу Темир Аргенбаевчтин ФБда жазган билдирүүсүн толук окуңуз:

Урматтуу президенттикке талапкерлер!

-Учурда шайлоочуларга талапкерлер жана алардын программалары туралуу маалымат берип жаткан үгүт иштери кызуу жүрүүдө.

КТРК жана радиолордо шайлоочулардын тандоосун жеңилдеткен дебаттар уюштурулууда.
Бирок коомдук телеканалдагы дебаттардын форматтарына болгон айрым чектөөлөрдөн улам, талапкерлердин позициясы толук чагылдырылбай калууда.

Ошол себептүү үч талапкер арасында, кошумча эл алдында өтө турчу талкуу жүргүзүү керек деп ойлойм.

Омурбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков телеканалдардын катышуусунда, түз эфир аркылуу өлкөгө көрсөтүлө турган эки сааттык талкуу уюштурууга чакырам.

Талкуу форматын биздин штабтар чечишсин. Бул иш-чараны талапкерлерге ыңгайлуу болгон жерде, 8-сентябрь өткөрсөк болот.

Биз келечектеги президенттикке талапкер болгон соң, шайлоочулар алдында ачык жана түшүнүктүү болушубуз керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here