Чагылган: Москвага жакын аймактан челекте  куюлган бетондун ичинен ушул жылдын  март айында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы кыздын сөөгү табылганын орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал Королев шаарынын тургуну болгон. Аны акыркы жолу 27 жаштагы жигити менен көрүшкөн. Ушул убакка чейин издөөдө болуп келген. Анын жигити тергөөдө кызын акыркы жолу борбордогу вокзалдардын бирине жеткизгенден кийин көрбөгөнүн билдирген.

Бирок окуянын жүрүшү такыр башкача болуп чыкты. Кылмыштын ишке ашып жатканын жергиликтүү жашоочулардын бири көрүп калган. Ал өрт өчүргүчтөрдүн оор челегин кылмышкер тоголотуп, саздуу жерге таштаганын айткан. Полиция ал челектин ичинен жогологон кыздын сөөгүн тапкан. Ал эми  бул кылмышка маркум кыздын жигити шектүү катары кармалып, сурак учурунда: Наталья машинесин  сатышып кой, акчанын бир канча бөлүгүн берем дегенин, бирок жыйынтыгында акчаны мага бербегендиктен, аны машиненин домкраты менен башка чаап өлтүрүп, бетон куюлган челекке салып, саздуу жерге таштаганын айтып берген. Учурда  тергөө иши уланууда…

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here