Белгилүү экономист жана публицист, дүйнө өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүн изилдеп жүргөн Сапар Орозбаков президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго ачык кат жолдоп, анын “Кыргызстанды дүйнөнүн эң бай он өлкөсүнүн катарына кошом” деген сөзү боюнча кайрылуу жасады.

“Сиз үгүт өнөктүгүнүн башында: “Эгер эл мени президенттикке шайласа Кыргызстанды дүйнөдөгү эң бай он өлкөнүн катарына кошом”, — деп айттыңыз. Кийинчерээк аны бир аз оңдоп “Кыргызстанды дүйнөдөгү тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ондугуна кошом” дедиңиз. Бирок буга кантип жетишериңизди эч жерде айткан жоксуз. Мен дал ушул проблеманы көптөн бери изилдеп жүргөн окумуштуумун жана муну ишке ашыруу канчалык кыйын экенин билем. Иш жүзүндө тез темп менен экономикасын өстүргөн саналуу гана өлкөлөр бар. Сиз эки жолу вице-премьер, бир жолу премьер-министр болгонсуз, бирок сиз башкаруу структурасында турганда биздин экономика ИДПнын өсүшүнө кандайдыр бир процент кошконун байкаган эмесмин. Анан да эгер биздин конституцияда экономика президенттин компетенциясына кирбесе, сиз ал сөздү кантип ишке ашырарыңызга түшүнбөй турам. Ушундан улам сиз азыр да добуш алуу үчүн парламенттик шайлоодо жылына 8 пайыздык кредит убада кылгандай эле элди алдап жаткандай таасирде калдым”, — дейт окумуштуу президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго жолдогон ачык катында.

Экономист Сапар Орозбаков андан ары эгер талапкер бул убаданы чындап айтып жаткан болсо аны менен 100 миллион сомго мелдешүүгө даярдыгын айтат: “Эгер бул убадаңызды аткара албай калсаңыз мага 100 миллион сом бересиз. Бул сөзүңүз жалган болбосо жана ага ишенсеңиз менин сунушумдан баш тартпайсыз деп ойлойм”.

Экономист Бабанов менен мелдешкен акчаны утуп алса чып-чыргасын коротпой балдар үйүнө өткөрүп берерин да белгилеген

Булак: Кабар 24.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here