Бийлик үчүн күрөштө криминалдык чөйрөнү да пайдаланса боло тургандыгын бул ирет президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов тастыктады окшойт. Албетте, ашынган куу, сатарман-саясатчы мындай максатын жүзөгө ашыруу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен өзү түз байланышка чыккан жок. Ал бул милдетти өзүн сүрөөнгө алууну чечкен ЖК депутаты Канат Исаевге тапшырганы белгилүү болуп калды.

Ошентип Канат мырза 15-октябрда ар бир шайлоо участокторунда алгачкы жыйынтык алар күткөндөй болбой калган учурда «ярый» балдардын жардамы менен ызы-чуу чыгарып, андан андан ары «Эл деген бул сел болот» деп туруп бийликти күч менен басып алуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жолугуп, аларга акча берип атканы жашыруун тартылган тасма аркылуу жалпы коомчулукка дайын болду.

Мына ушундайча Бабановдун криминалдык чөйрө менен «ойногону» анын өзүнө эле кедергисин тийгизгени байкалып калды.  Себеби, криминалдык чөйрө биринчи кезекте анын бийликке келишинен чоочулап турат. Эгер Бабанов бийликке келсе, анда аны менен «Сакал» каймана атындагы криминалдык авторитет да көшөгө артында бийлигин жүргүзүп калышы мүмкян дегендер да бар.  Анан кримчөйрөдө таасир талашуу чыр-чатактары башталат. Анын натыйжасында К. Бакиевдин убагындагыдай бир катар баш көтөргөн саясатчылардын үйүнө адегенде адам баласынын кесилген кулагы, манжалары барып, андан соң «автокырсыкка учурады» деген шылтоо менен «өрттөлүп» кетүү тагдырлары кайталанышы мүмкүнбү? Буга кепилдик маселесин эч ким бербейт да, туурабы?  Мына ушундай тандоону ким каалайт? Дагы тереңден ойлонуп көргүлөчү, туугандар…

 Шайлоого корогон каражатты кайра кантип кайтарарына башы каткан Бабанов

Өзүнүн акыркы жумалардагы жасап алган калпыс кадамдарынан кийин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдо жаңы баш оору пайда болду дешет. Тактап айтсак, ал азыркы тапта «Шайлоо алдындагы үгүт иштерине азыр эле бери жагы 3 миллиард сом коротуп салдым. Ак жана “кара” чөйрөдөгүлөргө бир топ акча кетти.  Ал планым ойрон болду. Эми шайлоодон жеңилип каларым айкын болуп калды. Корогон акчаларды эми кантип кайтарып алам?» таризинде башын мыкчып отуру дейт.

Анан дагы казак жана россиялык олигарх достору телефон чалып, «акыбал кандай дос?» деп сурашса эле, колдору калтырап кетүүдө дешет. Себеби, шайлоого агызган акчалардын баары ошол олигарх досторунан келип жатканы буга чейин айтылып да, жазылып да келет. Кыязы 15-октябрдан кийин Бабановду ошол чет мамлекеттик олигарх достору өздөрү эле «талап-тоноп» кетчүдөй болуп калды окшойт. Ошондо даана өзү өкмөт башчы кезинде толтурган декларациясындагыдай эле «байлыгы» менен калат да, туурабы? Машинеси да, үйү да жок…

Урмат Жумабаев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here