Чагылган: Казакстандын Эмгек сиңирген артисти Майра Илиясова 30 жылдан бери чоң сахнада жүрүп, элге кеңири белгилүү болууга жетишкен. Ал күйөөсү менен узак жылдар бою жашап, бир кыздуу болгон. Эми жашы өйдөлөп бараткан кезде күйөөсүнө өзү уруксат берип, жаш кызды экинчи аял кылып, өзү тандап алып бергенин журналисттерге берген маегинде ачык айткан. Ал: «Биринчиден кызым жалгыз болбосун, дагы бир туугандуу болсун дедим. Менин мындай кадамымды көп аялдар жактырбашы мүмкүн. Бирок бизде көптөгөн кыздар күйөөгө тийбей, өз бактыларын таба албай жүрүшөт. Кээ бир аялдар бала төрөбөгөн соң күйөөсүнө экинчи аял алууга уруксат беришет. Андайларды акылдуу десе болот. Себеби, жаш кезинен баш кошкон күйөөсүн кайсы эле аял башка аялга ыраа көрсүн…»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here