Апасынан ажырагандан кийин үйүнө батырбаган таежесинин кордугуна чыдабай балдарын, бир туугандарын алып, жакшы жашоо издеп шаарга келген. Бирок шаардан да көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, сиңдилери дайынсыз жоголуп, азыркы учурда төрт баласы, иниси менен чогуу жашап жаткан Чолпонай Орунбаева менен маектештик.

-Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

-2005-жылдын орто ченинде апам каза болуп калды. Ал эми ошол эле жылдын аягында мени таежем менен өгөй апам күйөөгө берип койду. Мен ал убакта 16 жашта болчумун, менден 10 жаш улуу кишиге берип салышкан. Мен эч нерсе дей алган жокмун, биз айылда таежемдин үйүндө турчубуз, ал бизге көрбөгөн кордуктун баарын көрсөткөн. Ошонун баарына чыдап кыйналып жүргөндөн көрө кетип калганым жакшы деп кете бердим. Ал турмушубуз көпкө узабады. Күндө ичип келип мага кол көтөрө баштаганынан эки балам менен кетип калдым.

Кайрадан жакшы жашоодон үмүт кылып экинчи жолу турмушка чыктым. Андан эки балалуу болдук. Бирок жолдошумдун үй-бүлөсү мени кабыл албай койгондуктан, ажырашууга мажбур болдум.

Айла жок Бишкекке 2005-жылдын аягында 4 бир тууганым менен келдим. Эки сиңдим «Дордой» базарында кагаз куту терип жүрүп жоголуп кетишти. Инимдин айтуусунда кимдир-бирөөлөр иним менен сиңдилеримди алып кетишип, сиңдилеримди алып калып, инимди жасанта кийинтип кое беришиптир. Ошол убактан бери эки сиңдимдин дайыны жок. Эмнеси болсо да аман-эсен, тирүү болушса экен деп тилейм. 12 жылдан бери Дордой конушунда батирде 3 500 сом төлөп жашайбыз. 4 балам, иним болуп чогуу турабыз. Батир акысын бере албай калсак көчөгө чыгарып салышат. Улуу уулум 3-класска барат, анын окуусуна да акча таба албай эптеп окутам. Экинчиси 6 жашта, аны да даярдоо классына берейин деп ойлогон элем, бирок аны азыр окутууга шартым жок.

-Өзүңүздүн билимиңиз кандай?

-Мен мектепте 4-класска чейин эле окуганмын. Ошун үчүнбү билбейм, айтор, балдарымдын баарын окуткум келет. Өзүм көрбөгөн, билбегендердин баарын ушулар көрүшсүн деп жашап келем. Иним 17 жашта, таштанды төккөн жерде ар кандай нерселерди чогултуп бизди эптеп багат. Балдарым жаш, жумушка да чыга албайм. Мен үчүн кара жанды багуунун айласын табуу, чиедей балдардын түйшүгүн жалгыз көтөрүү оор болду. Кичүү баламды шаардагы ооруканалардын биринде төрөп, чыгар күнү акчам жок эч кимге көрүнбөй балам менен качып чыккам. Ал убакта башка батирде турчубуз. Ал жактагы бир эжеден 20 миң сомдук азык-түлүк алганбыз. Боюмда бар кезден баштап төрөгөнгө чейин азык-түлүк алып жегенбиз. Ушул убакытка чейин унчукпай бизди күтүп жүргөнү үчүн эжеге аябай ыраазымын. Ал биздин жашообузду көргөн. Ошондуктан түшүнүп, “качан акчан болсо ошондо бересиң” — деп азыркыга чейин күтөт бизди. Азыр инимдин көзүн эле карап отурам, ошол иним бар болгонуна да шүгүр. Эгер иним жок болсо анда көчөдө калмакмын. Ошол кичине болсо да акча таап бизди багып атат.

-Туугандарыңыз жардам бербейби?

-Таежем бар, бирок алардан жардам деле күтпөйм. Анткени ал кичине кезибизде көрбөгөн кордукту көргөзгөн. Жылаңайлак кышында эшке кууп чыгып 2-3 саат киргизбей койчу, бизге катыган нандарды жедирип, өзүнүн балдарына жумшак нандарды берип, иним төшөккө сийип койсо, казандын алдына көмөрүп койчу. Атам тараптан туугандар менен катташпайбыз мурдатан бери эле. Кудай жакшы көргөн адамын сынайт деп коет го бизди жакшы көрөбү билбейм, бирок аябай эле сынап жатат. Кичине кезибизден бери эле кордук көрүп келатабыз.

Мен көргөн кордукту душманыма да каалабайм. Ишенсеңиз, кээде инимден жашырынып, чүмкөнүп алып мечитке барып кайыр сураган күндөрүм болду. Айла жок инимдин иши кээде болбой калат, бала ар нерсени көрсө жегизи келет экен да. Алар сыздап ыйлап отурса эмне кылышымды билбей айла жок ушундай жолдорго барууга да мажбурмун. Балдарым үчүн жашайм, ошолор үчүн бардык нерсени кылам. Кээде ыйлап отуруп калсам балдарым келип кучактап, “апа биз чоңойгондо көп акча таап сизди багабыз” деп коюшат.

P. S. Жогорудагы мекендешибизге жардам колун сунгусу келген берешен инсандар көп деп ишенебиз! Дареги: Дордой 1 конуш ,17 көчө, 277 үй. Тел: 0 554 848525

Бегимай Шарапова
Кыргыз-түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү
http://bugupress.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here