Чагылган: Белгилүү болгондой Канат Исаевдин кармалышы бир топ божомолдорго, ар кандай шектенүүлөргө жол ачты. Ал тасма, үн жазууда Сариевдин штабында иштеген Деңиз Раимкулов тууралуу да сөз болгон. Ушундан улам араң турган айрым «көзү ачыктар» Исаевди Сариевчилер карматты деп жазып чыгышкан. Эми бул жагы акылга сыйбаган көрүнүш деңизчи. Ал ортодо Темир Сариевдин шайлоо штабы бул маселе боюнча өз көз карашын, позициясын билдирди. Билдирүүдө:

«Канат Исаевге байланыштуу видеодо Сариевдин Сокулук району боюнча активисти болуп келген Деңиз Райымкулов да бар экени чын. Бабановдун жактоочусу Канат Исаев мурун Сариев менен жолугуп, аны Бабанов тарапка өтүүгө үндөп келген. Бул маселе боюнча  Темир Аргенбаевич баш тарткандан кийин, ал Чүй облусу боюнча  штабда иштегендерди жана тарапкерлерди азгырып, көндүрүүгө аракеттерди көрүп жүргөн. Исаев аларга материалдык жардамдарды жана кызматтарды убада кылган. Жыйынтыгында буга чейин Сариевди колдоп келген айрымдар Исаевдин айткандарына макул болушуп, башка штабдарга өтүп кетишкен. Д. Райымкулов болсо Сариевдин активдүү тарапкери болуп келген жана аны Исаев кафеге  чакырганы чын. Бирок бизге маалым болгондой видеодо ал Исаев менен жолугуп  жөн гана сүйлөшүп жатканы гана көрүнүүдө, башка аракеттери, мисалы акча берип же, алганы тууралуу сөз болгон эмес. Райымкуловдун кандай ниети бар экенин тергөө ишин аныктайт деген ойдобуз» — деп айтылат…

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here