Кыргыздын кыраан уулдарынын бири гандболчу Талант Дүйшөбаев илгертен бери Испанияда оюнчу, тренер болуп жүрөт. Ал кезегинде Испаниянын курама командасына ойноп, далай мелдештерге командасын алдыга сүрөп, оголе көп сыйлыктарды жеңип турду. Кийин тренер болуп мыкты ийгиликтерди жаратты… Эми анын Алекс аттуу уулу Польшанын  “Виве Кельце” командасынын мыкты оюнчуларынан. Учурда ал Испаниянын жаш жана эң мыкты ганболчуларынын  тизмесинде. Атасы Талант ошол команданын башкы машыктыруучусу. Баса, Таланттын кичүү уулу Даниэль  да таланттуу гандболчулардан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here