Чагылган: Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 1-октябрда, кыздуу болду. Жубайы Малика Арстанбекова психолог адистигинин ээси.  Маалыматка ылайык, ымыркай үй-бүлөдөгү төртүнчү кыз. Кыргызда 3 кыздан кийин бурулуп, эркек төрөлөт дечү эле, Сапар мырзага бул сапар да кыз айтыптыр. Кыз деген жакшы. Күйүмдүү болот. Кыргызда кыздуу болгонду кырк жылкылуу болду деп коёт. Демек, Исаков сан жылкылуу бай экен. Болсун!

Биз дагы эне-балага ден соолук каалап, бешик боосу бекем болсун демекчибиз.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here