Бишкектеги Свердлов райондук соту көмүскө жай уюштуруу жана саунанын имаратын сойкулук үчүн берүү боюнча айыпталган Россиянын 43 жаштагы жараны Г.Л.ны күнөөлүү деп тапты. Ага 50 миң сом айып пул салынганы соттун 5-январдагы токтомунда маалымдалган.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 27-октябрында саат 21:10 чамасында Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Абай көчөсүндө жайгашкан саунадан Г.Л. (аял киши) аттуу жаран кармалган. Анын жанынан 1,9 миң сом табылып, ал аталган акча каражатын интимдик кызмат көрсөткөн 1991-жылы туулган М.А.дан жана 1990-жылы туулган М.Т.дан алгандыгы аныкталган.
Соттолуучу Г.Л. саунанын имаратын интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга берип, ал үчүн 700 сом алгандыгын билдирип, күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Сотто күбө катары суралган А.Р. 2016-жылдын 26-октябрында саат 16:00 чамасында шаардагы соодо борборлорунун биринин жанында досу экөө кетип бара жатканда белгисиз адамдар аларды токтотуп, милиция кызматкерлери экендигин айтып жана жардам көрсөтүүнү суранышканын билдирди. Анын айтымында, ШИИБден аларга саунага барып, көрсөтүлгөн кызмат үчүн атайын белги коюлган акчаларды төлөөнү айтышкан.
«Болжол менен саат 19:00 чамасында белгиленген даректеги саунага досум экөөбүз кардар катары бардык. Дарбазаны саунанын администраторумун деп европа түспөлүндөгү аял ачты. Андан интимдик кызмат көрсөтүүчү кыздарды чакырууну сурандык. 10-15 мүнөт өткөндөн кийин бөлмөгө 4 кыз кирип, алардын экөөнү тандап алдык. Андан кийин ар бир кыздын интимдик кызматы үчүн 2,5 миң сомго сүйлөшүп, акчаны бердик. Алар администратордун бөлмөсүнө кирип кетишти. Бир нече убакыт өткөндөн кийин милиция кызматкерлери күбөлөр менен келип, айыпкерге акчаны өз эрки менен берүүнү айтышты. Биз досум экөөбүз саунадан чыгып, аларды унаада күттүк», — деди ал.
Тергөө учурунда күбө катары суралган М.Т.М. жумуш жоктугунан, үй-бүлөсүндөгү жана материалдык көйгөйлөрдөн улам интимдик кызмат көрсөткөнүн айткан. «Интим кызматтын бир саатына 2,5 миң сом алсак, анын 30%ын (700 сом) администраторго беребиз. 27-октябрь күнү саат 19:50 чамасында бизге телефон чалып, саунага чакырышты. Бөлмөгө кирсек үч жигит бар экен. Алар 5 миң сом берип, мен анын жарымын жанымдагы кыз менен бөлүштүм. Ал эми администраторго 700 сом бердик. Андан кийин милиция кызматкерлери келип, бизди кармашты», — деди ал.
Сот жыйынтыгында Г.Л. аттуу жаранды күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 50 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарды.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here