Мадумаров өзүнчө эле Бабановду, Төрөбаевди, аларга кошуп Сариевди да бириктирем, идея үчүн деп өпкөсүн кагып жатты эле, ал максаты ишке ашпай, ичи өткөн кишидей болуп, шалдырап, шабайы сууй түштү. Анан эмне кылат, айласы кетип шайлоого жалгыз катышмай болду. Катышкан менен эмне, эч кандай жыйынтык чыкпайт. Себеби, Мадумаров өзү айтмакчы, эчак эле: “Арабанын алдына түшүп алып” чоң саясаттан четке сүрүлүп калган. Бир кезде кашыктап чогулткан кадыр-баркын чөмүчтөп чачып салган. Анын ажо болуу дымагы – бул жөн гана эл көзүнө көрүнүү, өзүн-өзү соротуу болуп эсептелет…

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here