Чагылган: Бүгүн Аскердик сотто Канат Исаевдин баш коргоо чарасы каралып, жыйынтыгында аны 30-ноябрга чейин камакта калытруу чечимин чыгарды. Исаевди бошотуу талабы менен 200дөй адам сот имаратынынын алдына топтолду. Алардын арасында Бабановдун партиясынын бир катар депутаттары да жүрүштү. Ал ортодо Канат Исаевдин бир тууган агасы генерал Талант Исаев ИИМге караштуу адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчылыгынан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Ал мындай чечимин инисине козголгон оор кылмыштар менен байланыштырып, бул кызматта турууга моралдык укугу жок экени менен түшүндүргөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here