Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоого алууну чечкен ЖК депутаты Канат Исаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жолугуп, аларды 15-октябрда «ярый» балдарды топтошун суранып, анан 1 миллион сом акчаны берип атканын тастыктаган видеотасмага байланыштуу Өмүрбек мырза 1-октябрда борбор калаабызда маалымат жыйынын берди.

Албетте, маалымат жыйынында ал адатынча «мага карата кара пиар болуп атат, мен кантип эле бандиттер менен мамиле кылып калайын, мен эч качан бийликти басып алган эмесмин, андай оюм деле жок» деген сөздөрүн айтып актанды.

Бирок, казакстандык олигарх досторун таарынтып алуусунан же алардын жүзүн үйрүп кетүүсүнөн чоочуладыбы, айтор сентябрь айынын башында Ысык-Көл жээгинде казак жана россиялык олигархтар менен жолугушканын тана алган жок. «Муса Бажаев, Алижан Ибрагимов – булар таза жол менен байыган адамдар» деп мактап да алды. «Булар менен жолугушуунун эмнеси жаман» дегенсип, түшүнбөгөн адам болду.

Албетте, бул олигархтар менен жөн эле жолугушуп коюу жаман эмес. Бирок, жаман жери Бабанов алар менен жөн жолукпай атпайбы. Так шайлоонун алдында алардан миллиондогон доллар менен финансылык колдоо алып атат. Ал эми бизнесмендер эч качан бир тыйынды да бирөөгө жөн эле бербей турганын билебиз. Алар миллиондорду бүгүн берип атса, эртең аларды миллиард кылып алгысы келет. Мына ушул жагынан алып караганда Бабанов чет элдик олигархтар менен жолугушуп, миллиондогон доллар колдоо алуу менен Кыргызстандын келечегин коркунучка кептеп атат. Дагы тагыраак айтсак, ал ошондой коркунучка кептеп койду.

«Назарбаев менен жолукканымдын эмнеси жаман? Биз жолугушууда чек араларды ачуу, Казакстанда жашаган кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетүү тууралуу сүйлөштүк. Мунун эмнеси жаман?», — деп казак лидери менен жолугушканын ачык эле реклама катары пайдаланып атат. Буга чейин анын штабы «Бул жолугушууну үгүт ишине пайдаланган жокпуз» деп келген. Мына бүгүн аны Бабанов өзү пайдаланды.

Ушул эле маалымат жыйынында Ө. Бабанов өтө куулук жол менен Канат Исаевди сатып кеткенин да айта кетели. «Мен Канат Кедейкановичти принципиалдуу, таза адам катары билем», — деп адегенде мактап туруп, анан «Мен Канат Исаевди каржылабайм. Андыктан видеодогу ал берип аткан акчалар кайдан келгенин жана кимге, эмнеге берилгенин билбейм. Муну анын өзүнөн сураш керек» деди. Демек, мунусу менен ал ачык эле «Бул ишке менин тиешем жок, К. Исаевдин өзүнөн сурап алгыла, жоопкерчилик тартса да, ал өзү тартат» дегенди кыйытты. Андыктан эми Бабановго кошулууну пландаган саясатчылар бир ойлонуп алганы жакшы, кокус эртең К. Исаевдикиндей тагдыр баштарына түшсө, Бабанов «өзүнөн сурап алгыла» деп кутулуп кетет.

zanozamedia

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here