Чагылган: Аз күн мурун салыкчылар патент төлөбөй иштеп жүргөн тамадаларды ачыктап, бир  ирет элге уят кылды. Муну коомчулук туура кабылдап,  көпчүлүк тойлордон  4-5 саатын ичинде миңдеген сом акча таап, иштеп жаткан тамадалар да мамлекетке тиешелүү салыгын төлөшү керек деген пикирлерин айтып жатышат. Ал эми бул маселе ырчы жана тамадачылардын арасында эки ача пикир айтылып келет. Айрымдар эл берип жаткан акчаны эмнеге мамлекетке төлөмөк элек дегендер да бар. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү алып баруучу, тамада Асылбек Өзбеков болсо мыйзамды сыйлап, бул жагынан башкаларга үлгү көрсөтүп келет. Биз Асылбек мырзага бул маселе боюнча кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:

-Мен спорттун улуттук түрлөрүндө, мисалы көк бөрүдө, ошондой эле концертке патент алып иштеп келем. Кыскасы, мыйзамда көрсөтүлгөн патентим бар. Жаңылып калбасам, айына соцфонду менен кошондо 3100 сом төлөйм. Аны көрсөтүлгөн мөөнөттө узартып жакшылык тойлорго деле патент алып иштей берем. Негизи каралган мыйзам боюнча төлөш керек.

«Услуги торжеств и обрядов” деген пункту бар. Налог жана соцфондго деп төлөп койсоң болот. Иштебеген учурда төлөбөйсүң.  Эми тамадалар, ырчылар патент маселесин ызы — чуу кылбай эле ар ким өз абийри менен төлөп койсо көп деле оорчулук болбойт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here