Кечээ күнү Канат Исаевдин УКМК тарабынан кармалышы, ага чейин криминалдар менен сүйлөшкөн сөзү тартылган тасма, үн жазуулар коомчулукту бир топ дүрбөтүп койду. Албетте, эгер бул иштин баары чын болсо, бул мамлекеттик төңкөрүш кылуу маселесинде саясатчылардан жалгыз Канат Исаевдин колунан келбей турган иш. Балким ал жөн гана башкы аткаруучулардын бири болушу мүмкүн. Ал эми ал тасмада, аудиодо Исаевден башка Бакыт Төрөбаевдин, Өмүрбек Бабановдун, Каныбек Иманалиевдин ысымдары аталып жатат. Исаев тасмада берип жаткан 800 миң сом, ага чейин жана андан кийин да беребиз деп жаткан миллиондор Бабановдун акчасы деген кептер айтылды. Анан калса, Исаев өзү акчаны минтип миллиондоп чача албайт. Анчалык мүмкүнчүлүгү жок экени белгилүү. Андай жерде эч тиешеси жок кишинин ысымы  аталбайт. Бул тема боюнча азырынча Бабанов дагы, Төрөбаев дагы үн ката элек. Бирок жеңден кончко шар эле куюлуп, жүзүн улам хамелеондукундай өзгөртүп турууга өтө эле жөндөмдүү Каныбек Иманалиев дароо актанып чыкты. Алгач эле, «Азаттык» баштаган бир катар ЖМКларга «менин тиешем жок» — деп адатынча безилдеп берди. Кыргызда: «Уруу тойгончо жеп, өлгөнчө карганат»- деген кеп бар. Кыскасы, Иманалиевдин бул багытта баскан изин, тумандуу ишин терең иликтөөгө алуу зарыл. Ансыз деле анын коррупцияга шектелген иштери, былыктары аз эмес. Антепесе, баары эле суудан кургак чыккысы келишет эмеспи…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here