Казакстанда инженерлер менен окумуштуулар тобу көп жолу колдонула турган даарат кагаз ойлоп тапканын казак сайттары Казакстан мусулмандар союзунун маалымат кызматына шилтеп жазып чыгышты. Аталган уюмдан жаңы табылга такай колдонууга жарай берерин, болгону даарат кагазды кир жуугуч машинага салып койсо эки мүнөттөн кийин кайра жапжаңы абалына келерин билдиришкен. Бирок ал эмнеден жасалганы айтылбай, жаңы табылга тек нанотехнологияны колдонуу менен композиттик материалдардан даярдалганы кабарланууда.
Окумуштуулар бул жаңы табылга чыныгы экологиялык революцияга алып келерин белгилешүүдө.
“Супер-кагаз үй-бүлөлүк бюджетти гана үнөмдөбөстөн даарат кагазга кетчү бак-дарактардын кыйылышын да сактап калат”, — деп Казакстан мусулмандар союзунунан ишенимдүү билдиришкен.

Булак: Кабар 24

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here