Индиялык 44 жаштагы Виджай Парсана уйларын катуу сүйгөндүктөн эки баласына карабай үйбүлөсүнөн кетип калган. Виджайдын айтымынада уй гана аны кумар оюндарынан сактап калган.

Виджай Парсана уйлары үчүн эмнени гана кылбайт. Алар менен чогуу уктайт, жуунтат. Андан башка уйдун сийдигин ичет, себеби ал ден соолугуна пайдалуу. Виджай айтат: «22 күн катары менен уйдун сийдигин ичип, өзүмдү аябай жакшы сезип калдым»-деген.

Эки баланын ататсы үй бүлөсүнөн 5 жыл мурда кетип калган. Ага чейин ал кумар оюндары менен жапа чегип келген, качан биринчи уйун сатып алганда баарын өзгөргөн. Уйдан башка дагы ит, коён ж.б канаттуулары менен жалпы 2000дей жаныбары бар. Бирок уй гана Виджайдын жүрөгүндө жашап келет.

 

«Менин уйларга болгон сүйүүмдү  түшүндүрүп бере албайм. мен үчүн уйдан кымбат нерсе жок. Мен алар менен чогуу болгондо, дүйнөнү унутам, мага алардан башка эч нерсенин кереги жок «

Өткөн жылы бука менен уйун үйлөнтүп, 5миң конок чакырып той өткөзгөн. Кийин торпогу туулганда «неберем» деп айтып ага дагы жарым миллион акча коротуп той өткөзгөн.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here