Чагылган: Белгилүү болгондой аз күн мурун президенттикке талапкер «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевдин шайлоо штабын жетектеп келаткан Элмира Ибраимова позициясын өзгөртүп, 180 градуска бурулуп, аткарып жаткан милдетин таштай качкан эле. Ал штаб башчылыгынан кеткенин саясый көз караштан улам экенин түшүндүрүүгө аракет жасаган. Ал эми аны менен кошулуп, саясатчы эле аты бар, заты эчак калбай калган Аликбек Жекшенкулов да кеткен болчу. Бул экөөнүн Сариевден кетиши саясый көз карашка деле анчалык окшобой калды окшобойбу. Себеби, Элмира Ибраимова «Ак шумкардан» кетери менен акчасын самандай сапырып жаткан «Республика-Ата-Журттун» лидери Өмүрбек Бабановдун штаб башчысынын орун басары болуп  иштеп жатканы маалым болду. Демек, Ибраимовага эч кандай позиция деле кереги жок экен да. Бабановго шынарлап жакындагандар, андан көбүрөөк акча алууну көздөгөндөр экени белгилүү. Андыктан Ибраимова деле акча маселесин биринчи орунга коёт окшобойбу. Чынында Бабанов ага көбүрөөк төлөп бериши мүмкүн. Себеби, ал Бабановдун негизги атаандашы болгон Сариевдин штабынан «качып» келди да. Ал жактагы «кухняны» аздыр-көптүр билди. Ушул жагын БӨТ эске алып,  өзүнө окшоп позициясы жок, тез эле багытын өзгөртө берчү Ибраимованы дароо штаб башчысына орун басары кылып койду көрүнөт. Бул жагынан эккө тез тил табышкан сыяктуу.

Гипкулов и Бабанов

Сүйлөсө асмандын башын сүйлөгөн Аликбек Жекшенкулов дагы,  «Ата-Мекенден» парламенттик шайлоого катышып, эми депутаттык мандат алууга кезек күтүп жаткан Искендер Гаипкулов деген дагы Бабановду шынарлап жүрүшүптүр. «Колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү» — деген ушул. Булардын акчасы көп Бабановду колдоп жатканы түздөн-түз материалдык маселеге байланышуу экени белгилүү эле болуп калды. Чынында булар кол куушуруп барган Бабановдун бул шайлоодо кыргыз элине  ниети таза эмес экени  билинип эле калды.  Буга анын Он-Адырдагы өзбектерге барып, эки эле бири-бирине кайратыштыргандай мааниде сүйлөгөн сөзү далил болуп берип, коомчулуктун кыжырын кайнатып турат. Буга талапка ылайык чара көрүлүшү зарыл…

Анан да Ибраимова, Жекшенкуловдор ушу убакка чейин Сариевдин жылуу колтугуна кирип алып, «агенттик» миссияны аткарып жүрүшкөнбү деген күдүк суроо жаралып турат. Же алардын планы башында эле ушундай түзүлгөнбү? Мындай камдардан айрым адамдар үчүн башында эле күтүлгөнбү?  Жакшы атанын кызынын бул кылган жоругу жакшы эмес жомок болуп көпкө айтылып калат өңдүү…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here