-Азыр дүйнө абдан тез өзгөрүп жатат. Ийгиликтүү болуш үчүн, андан дагы тез өзгөрүү, тез алмашуу зарыл. Учурдагы биздин мамлекеттик аппарат  эффективдүү болбой жатат. Кудай буйруса, биз өз максатыбызга жетсек, жаңы муундагы башкаруучулардын командасы кыска убакта түзүлөт.  Президенттин жеке көзөмөлү менен алгачкы 6 айдын ичинде ар кыл тармакта жооптуу кызматтарда иштей турган татыктуу, билимдүү, жаңы көз карашчыл, таза жаштар топтолот. Алар мамлекеттик мекемелерлде, компанияларда бир команда болуп иштешет. Биздин Кыргызстан эли эң ийгиликтүү мамлекет, ийгиликтүү улут катары жаркын келечекке чечкиндүү кадмдарды таштарына ишенем! Анткени биздин эл өз тамырын, өзөгүн  сактап келатат. Кыргызстан  бара-бара экономикалык лидер болушу зарыл!

 

Жеңишке бирге!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here