Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын 1-сентябрына карата ири өлчөмдөгү карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмесин жарыялады.
Салык кыматынын тизмесинде 97 юридикалык жана жеке тарап бар. Алардын карызы жалпысынан 411 миллион сомду түзөт.
- «Бишкек машина куруу заводу» ААКсы — 64 миллион сом;
- «Бишкек штамптоочу заводу» —56,9 миллион сом;
- «Ала-Арча ПМК» ЖАКы — 41,1 миллион сом;
- «Ак-Кеме» мейманканасы — 24,2 миллион сом;
- «Аса-Кенч» ЖЧКсы — 13 миллион сом;
- «Кара-Балта арак заводу» — 12 миллион сом;
- ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы — дээрлик 10 миллион сом карыз.