Чагылган: Прездиенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кыргызга болгон ниети, жан-дили таза эмес экенине жалпы коомчулук нааразы болуп, кечээтен бери Бабановду жоопко тартуу боюнча ар кандай талаптар коюлуп жатат. Алардын бири бүгүн Жалал-Абадда болуп өттү. Бул облустагы Сузак районунун эли Бабановго катуу нараазычылык билдирген жана бир катар талаптары коюлган катты коомчулукка жар салышты. Митингге 100дөгөн адамдар келип, ондогон адамдар Бабановдун  эки күн мурун Оштун Он-Адыр айылындагы өзбектерге жагалданып, улут арасына от таштап сүйлөгөн сөзүн сынга алып, өз ойлорун ортого салышты. Алар катка Бабановдун өзбектерге кайрылып: «Урматтуу өзбек калкым! Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы! Тикке туруп өлгөн жакшы! Баарыңар бирге болсоңор, бирөөңөрдү урса, баарыңар чыксаңар, эч ким силерге каршы тура албайт! Элди бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет! Барыдыгыңар өзбек калкына чалгыла, бир туугандарыңарга чалгыла, ким, кайсы бир милиция өзбек калкына тийсе, ал кызматтан кетет. Мен сөз берем!«- деп айткан сөзүн цитата катары келтиришип, Бабановго 6 талап коюшкан. Анда талапкерди жарга такай турган сөздөр жазылган. Акырында Сузак эли улут арасына от таштаган ниети таза эмес Бабановду кыргыз элинен курун мойнуна илип, кечирим сурашын талап кылышкан. Эң туура! Бабанов айткан сөзүн танбай, кечирим сурасын, ал эми тиешелүү мекемелер анын талапкерлигин алып салсын! Президент боло элеккке бөтөн элге жан тартып, улут аралык мамилеге от таштап жаткан неме, кокус президент болуп келсе, кайсы жакшылыкты күтүүгө болот. Андыктан, Сузак элинин бүгүнку койгон талабы, башка аймактарда да чечкиндүү түрдө уланышы, колдоого алынышы зарыл!

https://www.youtube.com/watch?v=Xz05Wzp-VzQ&feature=youtu.be

https://www.youtube.com/watch?v=3Wu1Rya9l_E&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here