Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын  мурунку лидери, учурда катардагы депутат  Канатбек Исаевге  кылмыш козгогону маалым болду. Ага: бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык, кылмышка даярдануу сыяктуу: 23, 233, 295 деген үч берене менен кылмыш иши козгогон. Башкы прокуратуранын маалыматында: «Канатбек Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жактоочусу болуп туруп, башка адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен келишип алып, массалык башаламандык уюштуруу боюнча активдүү аракеттерди көрүп жатканы аныкталган. УКМКнын материалдары бул адамдар жогоруда аты аталган талапкер шайлоодо жеңилип калса бийликти күч менен басып алууну максат кылып жатканын көрсөтүүдө. Алар пландалган акцияларды уюштуруу үчүн өз катарына кишилерди акчага тартып, шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деген шылтоо менен массалык башаламандык жана куралдуу кагылышууларды уюштуруп, бийликти кулатууну көздөгөн» деп  айтылат башкы прокуратура тараткан маалыматта. Ал эми Бул боюнча жаздырылып алынган, тартылып алынган үн жазуулар жана тасмалар интернетке тарап, ар кандай талкууларды жаратууда.

https://www.youtube.com/watch?v=gNhM8WcKn7Y

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here