Американын белгилүү мергенчиси Лариса Свитлик (Ник — Larysa Unleashed) Кыргызстандын тоолорунда кызыл китепке кирген Марко Поло тоо коюн атып өлтүргөн сүрөттөрүн жана видеосун жарыялаганын «Турмуш» басылмасы жазып чыкть. Аңчы кыз бул видеону мындан 9 күн мурун ютупка жарыялап: «Бул менин мергенчилик тажрыйбамдагы экстремалдуу учурдун бири. Кыргызстандын тоолорунда Марко Полого аңчылык кылуу бул — чындыкка айланган кыял. Бул жерге аңчылыкка келээрде абдан суук жана татаал болоорун билгем», — деп жазган. Бирок аңчы кыз бул кийикти качан, Кыргызстандын кайсы тоосунан, кимдердин уруксаты менен атканын жазган эмес. Ал бир топ жылдан бери аңчылык менен алектенип, дүйнө өлкөлөрүнө саякатка чыгып, өзү аткан баалуу жаныбарлардын терилерин катырып, атайы сөлөкөт жасап келет. андан тышкары, АКШнын ТВларында аңчылык боюнча телекөрсөтүүлөрдө алып баруучулук кылып, мергенчилер кийген спорттук кийимдерди жарнамалап, акча табат. Аңчы кыздын Кыргызстанда кызыл китепке кирген тоо текени атып алып, анысы менен бүт дүйнө элине мактанып жатканы канчалык мыйзамдуу? Буга ким жооп берет? Биздин Аңчылык боюнча департамент кайсыл жакты карап олтурат? Же алар да бул америкалык аңчыга жең ичинде көмөктөштү беле? Буга азырынча жооп жок…Же буларга атайы уруксат берилип, «жашыл жол» күйгүзүлдү беле?

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here