акыркы учурларда Темир Сариев тууралуу каршылаштары ар кандай ушактарды чыгарууга үлгүрүштү. Маселен: Сариев шайлоонун аягына чейин катышпайт, башка бир талапкерге тандем болуп кошулат. Назарбаев чакырса, барбай коюптур — деген кептерди атайылап чыгарышкан. Бүгүн Сариев маалымат жыйынын өткөрүп, мындай ушактардын баарын четке кагып, шайлоонун аягына чейин катышарын жар салды.  Ошондой эле,  талапкерлер Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров жана Улукбек Кочкоров менен жолукканын, алар тараптан ар кандай  сунуштар болгонун кошумчалады. Ал: «Мен үчүн эң башкысы – кадыр-барк, ар намыс жана абийир. Мен акырына чейин күрөшөм» — деп баса белгиледи.

Мындан тышкары, Темир мырза: Мен баарынан административдик ресурс эмес, добуштардын сатылып алышынан коркуп жатам- деген пикирин да билдирди. Сариевдин бул маселе боюнча ФБ баракчасына жазган кененирээк пикирин төмөндө окуңуз:

-Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кыргызстандыктар!
Акыркы учурларда мага миңдеген шайлоочуларым кайрылып-менин өлкө президенттигине карата шайлоонун аягына чейин бараар-барбасымды сурап жатышат.
Ушул маселе боюнча мен буларды айтмакчымын. Ар кандай саясий күчтөрдүн, анын ичинде президенттикке талапкерлердин ортосунда көптөгөн жолугушуулар, кеңешүүлөр болуп келди жана болуп жатат. Шайлоо кампаниясынын алдында талапкерлердин бири бири менен пикир алмашып, саясатчылар бири-бирин угуп жатканы жакшы адат катары санайм.
Ошону менен бирге эле жоопкерчилик менен – мен Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо аягына чейин бараарымды жана жеңип чыгууга ишенимдүү турганымды жарыялайм.
Мен Президенттик шайлооого бийликти алыш үчүн эмес, кайсы бир чоң кызмат үчүн эмес, көптөгөн адамдар мага, менин командам менен программама ишеним артканы үчүн барам. Кыргыз элинин даанышмандыгына, элди коркутуп же сатып салууга мүмкүн эмес экендигине ишенем. Эл өз тагдырын өзү чечээрине ишенгеним үчүн баратам. Мен өмүр бою элим менен бирге болгом, бизди ур-токмокко алган да, газ менен ууландырганда да, түрмөгө камаганда да элимди таштаган эмесмин, анткени биздин элдин адилетүүлүккө болгон аракети менен духун эч качан сындыра алышпасын билем.
Биздин команданын шайлоого бараткан негизги принциптерин дагы бир жолу эске сала кетейин:
-Туруктуулукту жана улуттар аралык ынтымакты сактоо;
-Өлкөгө темирдей катуу жана адилеттүү тартипти чечкиндүүлүк менен орнотуу;
-Өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган экономикалык реформалар;

Мекендештериме дагы бир ирет айткым келет – күч акчада же административдик ресурста эмес. Күч чындыкта, чындык биз тарапта! Мен элимдин жан-дүйнөсү Кыргызстанда тынчтык менен туруктуулукту, өнүккөн келечекти каалап жатканын көрүп турам жана сезүүдөмүн.
Дагы бир жолу кыргызстандыктарга — басымдан коркпогула, кургак убадаларга алданбагыла, өзүңөрдүн тандооңорго бекем ишенгиле демекчимин.
Биз өзүбүздүн Мекенибизди эч кимге бербейбиз!
Биздин ишибиз акыйкат, жеңиш биз тарапта!»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here