Үйлөнүү тоюнда эң аз дегенде эки келинге бир күйөө болот эмеспи. Бирок италиялык аял бул салттын баарын бузуп, өзүнө зү күйөөгө тийди деп жазат The Telegraph порталы .
Лаура Месcи күйөөсү болбосо дагы , 70ке жакын конок чакырып, бардык ырым жырымдарды жасаган. Аппак көйнөк кийип, атайы торт жасаткан. Үлпөт кечесине 10миң евро коротуп, бал айын Египетте өткөрүүгө кеткен.
Фитнес-тренер болуп иштеген Лаура 2015-жылга чейин бир киши менен12 жыл сүйлөшүп жүрүп, ажырашып кетишкен.Ошондон кийин ата-энесине: «эгер 40 жашка чейин турмушка чыкпасам, өзүм өзүмө күйөөгө тием»-деп сөз берген.
Италияда никенин мындай түрү юридикалык жактан катталган эмес, ошондуктан Месси бойдок боюнча кала берет.
Өзүнө өзү нике кыюу — жалгызбойлор арасында Австралия менен Нидерландияда болуп турат.