Арча-Бешик конушунда барак тибиндеги үйдүн дааратканасында төрөп, ымыркайын таштап качып кеткен жаш эне кармалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда убактылуу жашаган Б.Ж. кармалган. Ал Нарын облусунда 1995-жылы туулганы белгилүү болду.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-100-беренелери менен кылмыш иши козголгон. Кармалган эне учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here