Кыргызга жакшылык деле кылчудай түрү жок Бабанов кечээ Оштун Отуз-Адыр айылындагы өзбектер менен жолугуп, канын козутуп: «чөгөлөп жашаганча, тик туруп өлгөн артык» — деп аларды кыргыз элине каршы тукургандай, кайраштыргандай сүйлөдү. Анын аңдабай, адыраңдап, урдуруп сүйлөгөн сөзү улутка чачылган уу катары кабылданып, коомчулук катуу сынга алды. Бул жөн сөз эмес. Түшүнгөн адамга терең маани жатат…

Бүгүн болсо, ал сөзүн таанып, монтаж деп чыкты. Суутуп койгон монтаж бекен. Эч кандай монтаж эмес. Толук версиясын деле көрүңүздөр. Ошол айткандары ошол бойдон турат. Эгер монтаж болсо Бабановдун камчысын чапкан knews.kg баштаган сайттар койбойт болчу. Ал сайттарда деле ушул айткандары турат.

Бабановго кыжырданып, бетине түкүргүсү келгендердин саны арбып кетти. Бул саясатчы сөрөйдүн минтип сүйлөгөнүнө жол болсун, кайсы бети, кайсы акылы менен сүйлөдү. Бийликти да болушунча шыбады. Суу чыгарып бербейт ж.б. Милицияларды деле укмуш жек көрсөттү коркутуп-үрүкүтүп. Өзү Бакиевдин тушунда 1-вице болду, андан кийин премьер -министр болду. Ошол учурда эмне суу чыгарып бергенге жарабайт. Кыскасы, оозу менен орокту оро берет экен да. Деңгээл деген, билим деген тайкы турбайбы. Болбосо 2010-жылы кыргыз өзбек эли согушуп, ортодо жүздөгөн адамдар каза тапканын билбейби. Эки улут ортосунда мамиле эми гана чыңалып, эми гана жакшылыкка жол ачылып жатканын сезбейби. Ынтымакка чакыруунун ордуна, улут аралык мамилеге минтип от таштап жатканы жакшы иш эмес. Куйругу жок, эч бир чын сөзү жок, байлык менен мансаптан башкасын уруп ойнобогон Өмүрбек Бабановдун мындай чагымчылдыгына Башкы прокуратура, БШК баштаган тиешелүү органдар өз баасын бериши керек. Жок эле дегенде, аны камабаса да, талапкерликтен четтетип салуу зарыл.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=11&v=AB16ic9o6d0

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here