Өмүрбек Бабановдун рейдерлик жол менен байыганын билбеген жан жок. Анын ай сайын миллиондогон киреше алып келген бизнестеринин бири — бул Сокулуктун Военно -Антоновакадагы РИОМ аттуу авто базары. Бул базардын кийинки  ушундай. Аялынын аты Ританын башкы эки тамгасынан, өзүнүн башкы эки тамгасынан коюлганы айтылып келет. Болбосо мурунку аты Азамат автобазары болчу. Ээси Борис Воробёв  эле. Борис мырза кечээ күнү маалымат жыйынын өткөрүп:

«Бул базарымдан 1999-жылы ажырап калгам. Ал кезде мен СИЗОдо отурган элем. Бирок, ал акыры көп аракеттерди жасап жүрүп, прокуратура аркылуу автобазарга ээлик кылууга укук берүүчү документтерин калыбына келтирдим. Биринчиден, 1998-жылы жер бөлүп берүү боюнча токтом жана мамлекеттик акт. 2002-жылдын июнь айынын башында Арбитраждык соттун коллегиясы автобазарды сатуу-сатып алуу макулдашуусун мыйзамсыз деп табуу боюнча чечим кабыл алган. Соттук чечимдин мыйзамдуу күчүнө киргенинен кийин эле Сокулук районунун Мамкаттоосуна бул чечимди берип жана обьектини мыйзамдуу ээсине кайтарууну сурандым. Ошондо «автобазар үчүн жер тилкесине» менин укуктуу болушум боюнча документ кайрадан мыйзамдуу күчүнө кирди», – деп өзүнүн жүйөөлү кептерин айтып: «Эгерде бул жума ичинде авто базарды кайтарып берүү боюнча эч кандай жооп болбосо, анда сотко берем»- деп кошумчалады. Бабанов Борис мырзага азырынча жооп кайтара элек. Эми ал адатынча жөө жомокторду айтары турган иш. Бирок Кыргызстанда сот системасы деген бар. Сот бул талаштуу маселеге чекит коюп, адилеттүү чечим чыгарып бериши зарыл. «Ээси келсе, бээсин бер»- дегендей, Бабанов бир кезде өкүм-зордук менен тартып алган базарды өз ээсине кайтарып бериши абзел. Ансыз деле элге жек көрүнүп бүттү го, бул эргулуң ар бир адамдын кулагына кесмелерди ашыкча иле берип…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here