Чагылган: Бул окуя Орусиянын экинчи борбору Санкт-Петербург шаарынын №684 орто мекбеинде болгон. 10 жылдык мугалимдик тажрыйбасы бар Ольга Алферова 2-каласстын окуучусу Лёшанын бетине «дурак» деп жазып салганы үчүн иштен Эмгек кодексинин 81 беренси  менен айдалды. Эми ал ага ылайык мугалимдик кесибин уланат албайт. Бул окуя бир топ талкууга алынып, милиция, шаардык билим берүү комитети, ал тургай прокуратура да тартылган. Бирок бир катар адамдар мугалимди коргоого алышкан. Себеби, анын үстүнөн буга чейин эч кандай даттануу болгон эмес. Ал эми «дурактын» автору мындай кадамга окуучу бала колуна татуриовка тартып ойноп жаткандыктан барганын айткан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here