Чагылган: Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Кант шаарында 33 жаштагы жигит 39 жаштагы аялды өлтүрүп, андан соң кылмыштын изин жашыруу максатында сөөктү өрттөгөн. Бирок аялдын денеси толук күйбөгөн абалда 17-сентябрда ээн имараттын ичинен табылганын билдирди. Маркумдун туугандары аял психикалык оору менен ооруп жүрөнү айтышкан. Ал эми 33 жаштагы жигит экөө ээн имараттын ичинде спирт ичимдигин ичишкен соң, чатакташып кетишкен. Жиндеген эркек аны муунтуп өлтүргөн. «Кан коё бербейт» дегендей, көп өтпөй кылмышка шектүү Б.И. аттуу жигит милициялардын кылтагына илинген. Мына ушуга окшогон кылмыш кечээ  Ысык-Көлдө да жүз берди. Ал жерде да орто жашап калган таксист адамды өлтүрүп, андан соң сөөктү дөңгөлөк менен өрттөшкөн…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here