Эл менен жолугуп жаткан талапкерлердин баары эле укмуш убадаларды берип, кыйратабыз деп төш кагып жатат. Бирок кантип кыйратат, ага далил жок. Эптеп эле элди алдап, көп добушка жетүүнү максат кылып жатышкандай. Ал эми Президенттике эң негизги талапкер Темир Сариев башка талапкерлерден айырмаланып, өлкөбүздүн эмне үчүн өнүкпөй жаткан себептерин карапайым элге жеткиликтүү кылып айтып берип, элди ыраазы кылууда. Төмөндө Темир мырзанын ошондой жалындуу сөздөрүн бирге окуйлу:

-Мен жөнөкөй үй-бүлөөдө чоңойгом. Элдин көкүрөгүн өйүп, мыкты жашоосуна тоскоолдук жаратып жаткан бардык көйгөйлөрдү абдан жакшы билем. Атам-энем мени тарбиясы менен жашоомдогу ийгиликтердин баарына өз күчүм менен жеткенге үйрөттү. Жаштайымдан ишкер болуп, материалдык жактан өзүмдү жана жакындарымды камсыз кылдым. Бирок көйгөйү көп, жакыр турмушта жашашкан үй-бүлө, балдар, карылары арбын өлкөдө толугу менен бактылуу жашоого болбойт. Ошондуктан мен чоң саясатка аттанып, Жогорку Кеңешке депутат болдум. Андан кийин мамлекетти ар кандай жооптуу кызматтарда, маселен Экономика министринен тартып, премьер министрлик кызматта иштедим. Эл үчүн кызмат кылган жылдарымда  – мен  бай тажыйрба топтодум жана өлкөдөгү эң негизги көйгөйлөрдүн талапка ылайык чечилбей жатканына мыйзамдардын абдан начар иштегени себеп болуп жатканын тереңден билдим.

Чет элдик инвесторлор өлкөдө коопсуздук жана өз укуктарын коргоо талапка жооп бербегендиктен улам инвестиция кылбай, ишканаларды курбай, жумушчу орундарды түзбөй жатышат.  Мунун  кесепти биздин өлкөнүн социалдык жашоосуна түдөн-түз тийип жатат. Салык, бажы, энергетика тармагындагы чоң коррупциянын айынан бюджетибиз толбой, мугалимдердин, дарыгерлердин, милиция кызматкерлердин, ардагерлердин пенсиясы, жумушка жарамсыз жарандарыбыздын социалдык төлөмдөрү көбөйбөй жатат.

Мамлекеттик казынага кол салып, уурулук кылып жаткандардын айынан жолдорубуздун абалы начар, бала-бакча, мектеп, оорканаларыбыз жетишпей турат. Башкасын айтпаганда да 21 –кылымда жашап жаткан көптөгөн айылдарда жада калса таза суу жок, анын менен кошо жана күнүмдүк оокатка керектелчү шарттар түзүлгөн эмес.

Билимдүү жана тажрыйбалуу жаштар  азыр мамлекеттик кызматтарга иштегенге барышпайт. Себеби, ал жакта тажрыйбасына карап, кызматан-кызматка көтөрүшпөйт. Билими, тажрыйбасы аз болсо да, таанышы барлар чоң кызматтарга дайындалышат. Өлкөдөгү эң бай адамдардын тизмелерин караңыз, алардын көбү мурда кийин бизнес менен бир күн да иштебеген, өздөрүн, жакындарын матариалык жактан камсыз кылбаган мурунку жана азыркы  чиновниктер. Демек, алар кантип байышканы элге маалым.  Мунун баары чоң көйгөй! Биз бүтүндөй өлкөнү өзгөртөбүз!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here