Бишкек шаардык Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тоноочулукка шектүү делген 20 жаштагы кызды кармашканын  Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан белгилүү болду. Маалыматта  кечээ күнү чаламандын чак түшүндө борбордогу дүкөндөрдүн бирине бет кап кийген эки кыз кирип келип, бири сатуучуну муунтуу аракетин көрүп жатканда, экинчиси кассадан 6 миң сомду алып, экөө тең качып кеткен. Бирок көп өтпөй алардын бири из кубарлардын кылтагына илинген. ал 20 жаштагы М.С. аттуу жаш кыз. Кылмышка шектелген экинчи кыз кармала элек.
Бирөө кармалган соң, экинчиси кайда барат эле, анын коён-жатагына чейин шериги төкпөй-чачпай айтып ьерери турган иш да. Кыргызда мындай иштер мурун эркектерге гана тиешелүү болуп келсе, эми заманга жараша бешиктен бели чыга элек кыздар да минтип каракчылык кылып жатканы өтө өкүнүчтүү…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here