Чагылган: Буга чейин тандем түзүшкөн Бабанов менен Төрөбаевдин акча сатып алуу аракети тартылган тасма интернетке тарап, ал коомчулукта кызуу талкууга алынган эле. Эми бул маселеге Башкы прокуратура кылмыш иши козгоду. Аталган мекеменин басма сөз кызматы буларды билдирди: »  Анвар жана Манап деген эки адам  жергиликтүү жашоочуга кайрылып, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоо үчүн 2 миң сом сунушташкан. Бул арыз боюнча текшерүү  болгондон кийин, иш — материалдар Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү. Бул иш 3-октябрда каралары күтүлүп жатат. Мындан тышкары,  Бишкек шаарында добуш сатып алуу фактысы катталды. 22-сентябрда “Дордой” базарынын жанында Алмаз аттуу жигит жергиликтүү жашоочу “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабынын Камчыбек аттуу өкүлү менен тааныштырган. Камчыбек ал тургунга шайлоочуларды табуу үчүн акча сунуштаган. Ал №2-формадагы 7 талонду чогултуп бергени үчүн Камчыбек ага 2 миң сом берген. 25-сентябрда бул факты боюнча материалдар жана тургундун арызы Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү.»

Эми бул боюнча кандай жыйынтык чыгат азырынча белгисиз. Бирок кандай болгон күндө да, жоопко тартылышы керек. Болбосо элдин Бабановго, ага кошулуп алып, күндөн-күнгө аброюу түшүп жаткан Төрөбаевге кыжыры кайнап турат. Андыктан, бул экөөнүн мындай ыпылас аракетине талапка ылайык чара көрүлүшү кажет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here