Азыр эл үчүн ырдап чыккан ырчылар аз эле. Көбү акча жана байлык үчүн ырдап жүрүшөт. Ошондой ырчылардын бири Мирлан Алыкулов деген буга чейин Бабанвого кошмат кылып, ыр чыгарган. Ага жооп кылышып «Бабанов накта -аферист» — деп ыр чыгарышкан. Буга да жооп болуп калар…

Эми болсо Алтынбек Борошев деген ырчы түшүнөн чоочугансып, үгүт учурунда Бабановду айга-күнгө теңеп, ага арнап ыр чыгарып, ырдап чыгыптыр. Эми ал ырды уксаң, күлкүң келет. Мактоонун, кошомат кылуунун да чеги болот эмеспи. Борошев дегениң накта ак менен караны ажырата билбегендердин катарында окшойт. Айтор, Бабановду Кудайындай эле мактап, ага добуш берүүгө элди уялбай эле үгүттөптүр.  БШК бул боюнча эмне дейт болду экен. Себеби, үгүт жүргүзгөн Чубак ажы үчүн деле ызылдап чыкпадыбы. Негизи бардык маселе акча менен чечилбейт, муну ырчысы да, кайырчысы да билүүсү абзел.  Көрсө, өзүн өтө сүйгөн БӨТ ырчыларга өзүнө арнап, ыр чыгартып, ырдатууга өтө маш экен. Ушуинткенден уялса болмок… Албетте, бул ода ырлары бекер жазылган жок да. Балким акчанын күчү менен жазылып жаткандыр. Анткени, кыргызда: «кур аякка бата жүрбөйт» -деген жакшы кеп бар. Анын үстүнө ырчылар бекер ырдабайт. Бекер ырдап жинди болшту беле…Эгер Бабанов мынча чириген бай болбосо, анда ага арнап бир да ырчы ыр чыграмак эмес, жасакерленип кошомат да кылбайт болчу.  Көрсө бирөөнүн байлыгы, ооматы минтип чыгармачыл адамдардын «чымынын» жөн тургузбай, көзүн кызартып  уят кылат турбайбы…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here