Бакыт Төрөбаевдин тарапкерлери шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча аракети тартылган тасма интернетке тарап, ал коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. БШК бул маселе боюнча чара көрүлө турганын айтканы менен азырынча чечкиндүү кадамдар байкала элек. Төрөбаев болсо бул далилдүү тасманы асман түйүлө атырылып, жокко чыгарарууга бар аракетин үрөп жатат. “Тойдо осурган кыз, осурбаган кыздын бетин тытат” – болуп, аны интернеттен алып коомчулукка көрсөткөн КТРКга байкот жарыялоого  чакырып, өзүнөн – өзү жинди болуп жатат. Ал эми күч органдары болсо тасмага тартылып калгандар боюнча тергөө ишин жүргүзүп жатканы айтылууда. Эгер бул тасмада айтылгандай акчаны Төрөбаев чындап эле бердирткен болсо, анда ага кыйын эле болот. Керек болсо БШК Бакыт мырзаны бакыртып туруп, талапкерликтен  чететтип деле салышы мүмкүн.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here