– Эдил экөөбүздүн ортобуздагы мамиле жөн гана таарынышууга жатпаса керек. Экөөбүздүн турмушубуз олуттуу себептерден улам бирге уланбай калды. Эки жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жыл болду. Албетте, бул аралыкта балдарына келген жок дебейм. Балдарына келет. Алардын кийим-кечесине, тамак-ашына, окуусуна кетчү, ошондой эле жашап жаткан батирибиздин акчасын таштап кетип турат. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» — деп коёт го элибизде. Ортобузга чок салган белгилүү эле ырчы кыз болду. Эл оозунда жүргөн ушак жөн гана асмандан түшкөн жок. Угушума караганда, азыр деле экөө чогуу жашашат экен. Мен башымдан өткөргөн ошол учурдагы соккуну, моралдык жактан жабыркоону эч бир аялзатына каалабайм. Мындай адамдар бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, бир эмес, төрт наристени аттап, ата мээриминен ажыратып, бактылуу жашап кетем деп өздөрүнүн деңгээлине жараша жашап жатышат. Адам баласы чыдабаган, көтөрбөгөн сокку болбойт экен. Мен азыр балдарым менен бактылуумун. Күндөн-күнгө акылдарына акыл кошулуп, мага дем-күч берип чоңоюп калышты. Баарынан өкүнүчтүүсү, азыркы заманда адамдык деңгээлибиз ушунчалык төмөн түшүп кеткенби деп ойлойм. Ыйман, намыс, абийир деген барбы өзү? Ал кыздын айланасында жүргөн жакындарынын, атактуу апасынын тыюуга дарамети жетпедиби деп ойлойсуң. Мени таң калтырганы, тескерисинче, мага коркутуулар келип жатты. «Балдарыңды ойлоп, душман арттырба» деген сыяктуу сөздөрдү укканда кайсы эненин жүрөгү ыйлабасын, канабасын?! Ошол сөздөрдү укканда чок баскандай чочуп, Кудайдан балдарымдын амандыгын гана тилеп калдым. Айрымдар байлык, бийлик менен бардык нерсенин өтөсүнө чыгууга болот деп ойлошот экен. Бирок ал туура эмес жол. Ак ийилет, бирок эч качан сынбайт, — деген сөзүн белгилүү гезитке берген маегинде айтты.

Булак: Багыт. Самар Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here