—Эрмек мырза, сиздин оюңузча мамлекет башчысы катары кандай адамды шайлашыбыз керек?

—Президенттикке талапкерлердин арасынан мен Сооронбай Жээнбековду колдойм. Себеби ал мамлекеттик кызматкер болуп эсептелинет. Казакстанда биз мигрант болуп жүргөн учурда эч качан бөлүнчү эмеспиз. Анткени өз мекениңдин баркын чет жерде жүрүп келгенден кийин билет экенсиң. Кыргызстанга келгенден кийин түндүк-түштүккө бөлүнгөндөрдү билдим. Биз негизи  эң ириде элди бөлбөгөн мекенчил инсанды президент кылып шайлашыбыз керек. Дагы бир  мисал айтайын. Баарыбыз сыйлаган, баарыбыз баалаган Владимир Путин Россияны кандай көтөрүп, кандай өнүктүрүп жатат. Ал президент болуп келгенде мамлекеттин негизги иштерин байлыктарынын күчү менен башкарып келишкен бир топ олигархтарды ордуна коюп, катуу тартип орнотуп койду. Далайы өлкөдөн чыга качты. Бизге жаңы шайланган президентте да ушундай сапаттар болсо жакшы болот эле. Болбосо, бизде деле ар кандай жол менен байып алган чиновниктер мамлекеттик иштерге кийлигишкен, таасир берген учурлар кездешип келген.

—«Ааламга кеткен жол айылдан башталат» деген сөз бар эмеспи. Демек, сиз чет жакта жүргөндө туулган жердин баркын аябай эле билген экенсиз да… 

—Астана шаары чөлдө жайгашкандыктан жакшы көнө албай  кетип калгам. Себеби тоолуу аймакта эркин өскөн адамдар үчүн ал жерде жашап кетүү өтө кыйын экен. Казакстанда 18 жыл иштедим. Алматы шаарында жайгашкан  «Барс»  базарын 2003-жылдан тарта 2008-жылга    чейин жетектегимде базарга  Кыргызстандын желегин сайып койгом. Муну эч ким тана албайт. Ким эле Казакстанга барып Кыргызстандын желегин сая алат?  Кыргызстандын паспортун 18 жыл алмаштырган жокмун.

—Элге кызмат кызмат кылган базарды деле жетектөө оңой иш эмес да. Сизден жардам сурап кайрылгандар көп эле болсо керек…

—Эми муктаж болгондорго колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Эгер кимдерге жардам бергенимди тизмелеп айтып отурсам мактангандай болуп калам го. Бирөөгө жардам бергенди да эч милдет кылбаш керек. Эң негизгиси, баарын көрүп турган Кудай ыраазы болсо болду.

—Саясатка аралашсамбы деген оюңуз барбы?

—Азырынча андай оюм жок. Аны учурунда көрөбүз. Мамлекебиз эгемендүүлүктү алгандан бери 26 жылдын ичинде мурунку муундагы саясатчылар эл үчүн кыйраткан деле иштерди жасашкан жок. Алардын ичинен аты-жөнүн ачык айтсам Ф.Кулов мамлекет үчүн эмне иш кылды? Дегеле биздин мамлекетте саясий аренага жаңы муундун өкүлдөрү келиши керек. Чындыгында жогорку окуу жайларын кызыл диплом менен бүтүрүшкөн көптөгөн жаштарыбыз чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүрүшпөйбү. Биз аларга шарт түзүп берип: алган билимдерин, иш-тажрыйбаларын  пайдалансак жакшы эле болмок. Азыркы президентибиз мамлекеттик жогорку кызматтарга жаштарды тартып туура саясат жүргүзүп жатат. Өкмөт башына Сапар Исаковду алып келип чечкиндүүлүк кылды. Бул жигит мамлекеттик кызматтарда бир топ эле такшалып калгандыктан иштин көзүн таап кете алат. Андан тышкары башка жаштардын да мамлекеттик жогорку кызматтарга келип жаткандыгы-өлкөбүздүн келечекте өнүгүү жолуна түшө тургандыгынан кабар берет. Азыр уктай турган учур эмес. Жаштар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чаалыкпай күн-түн иштешсе сөзсүз алдыга жылуулар болбой койбойт. Колдон келсе мурунку муундагы саясатчылардан арылышыбыз керек. Мамлекеттеги реформаны  жаштар жасайт.

Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here