Бир айдан кийин өтө турган бул жолку президенттик шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй өзгөчөлүү болгону туру. Тагыраак айтсак, мамлекет башчылыгына бул ирет катуу жулунгандардын анабашында бизнесмен-саясатчы Өмүрбек Бабанов турууда. Албетте, анын маңдай тери менен бизнесин түптөгөн бизнесмен экенинен күмөн санагандар деле көп, көбүнесе аны «тартып алгыч бизнесмен» аташат. Кандай болгон күндө өлкөбүздө бийликке бизнесмен дейбизби, же коммерсантпы, же рейдерби, айтор Ө. Бабанов да бийликке катуу жулунууда.

Эгерде жакында эле АКШ президенти болуп Дональд Трамп шайланганын эске алсак, анда дүйнө жүзүндө бийликке бизнесмен-олигархтар жулунууда деген түшүнүк келип чыгышы мүмкүн. Азыркыга чейин Америкада «Д. Трамп кантип бийликке келип калды?» деген суроо менен баш оорутуп жаткандар көп. Анын президенттикке келишине сырткы күчтөр – чет мамлекеттер аралашканбы же жокпу деген иликтөө иштери дагы деле жүрүүдө.

Кыязы, Америкадагыдай шайлоо алдындагы кырдаал бизде да байкалып жаткансыйт (бирок, жыйынтыгы ал жактагыдай болбой эле койсун). Себеби Кыргызстан Орто Азиядагы, алтурсун КМШдагы эң эле демократиялуу жана ачык-айкын саясый системасы бар өлкө болуп саналат эмеспи.

Ошону менен катар эле алдыда өтө турган шайлоодо сырткы күчтөрдүн кийлигише тургандыгы боюнча далилдүү маалыматтар жок эмес. Маселен, Казакстандын жараны, бизге «токмоктук граф» деген каймана ат менен таанымал олигарх Алижан Ибрагимов жана Россиянын чечен улутундагы бизнесмен-олигархы, Өмүрбек Бабановдун жардамы менен «Жерүй» алтын кенин өзүнүн көзөмөлүнө алууга жетишкен Муса Бажаев алдыдагы президенттик шайлоодо өздөрүнүн таасирин тийгизүү аракетин көрүүгө киришкени тууралуу кеп кетти.

Өзгөчө көңүл бура турган жагдай – Ө. Бабанов менен А. Машкевичтин байланышы. Машкевичтердин үй-бүлөсү 1941-жылы Кыргызстанга эвакуацияланып, ошол бойдон калып калышкан. Александр Машкевич өзү 1954-жылы жарык дүйнөгө келген. Педагогика илимдеринин кандидаттыгын жактай алган. Кыргыз педагогикалык институтунда факультеттин деканы да болууга жетишкен. Анан кайра куруу доору башталганда бизнеске ооп кеткен. Бүгүнкү күндө Израилде жашайт. А. Ибрагимовдун өнөктөшү, «Евразиялык банк» компаниясынын директорлор Кеңешинин төрагасы.

А.Машкевич «Кумтөр» долбоору боюнча көз боемочулуктун башатында «Сиабеко Групп» компаниясы менен бирге турган. Бул компаниянын президенти Канаданын жараны Б. Бирштейн, ал эми вице-президенти А. Машкевич болгон. Ошол убакта «Кумтөрдү» иштетүү боюнча башка бир катар компаниялардан көбүрөөк пайдалуу сунуштар түшкөнү менен алтын кенин иштетүү мүмкүнчүлүгүэч кандай конкурсу жок эле «Камеко» корпорациясына берилген.

Ошентип «Кумтөр» долбоору боюнча алданып калганыбызды кечирээк байкап, жер сабагыныбыздан пайда чыккан жок. Ал эми Бирштейн менен Машкевич өздөрүнүн максаттарын жүзөгө ашырып алган соң, аталган долбоордон акырын чыгып кетишти. Эми минтип «Кумтөрдөн» кийинки эле ири алтын кени болуп саналган «Жерүйгө» кызыгышууда. Кыязы, дал ушул жалпы кызыкчылык үчүн олигархтардын тобу өздөрүнүн ѳнѳктѳшү Ө. Бабановду президенттик шайлоодо колдоону чечишкен окшойт. Өздөрүнүн салган капиталынын кайтарылышына, болгондо да аны көп эселеп кайтарып алуусуна кепилдик болбосо, олигархтар саясый долбоорго эч качан каражат коротушпайт. Андыктан, алардын ишенимдүү түрдө Бабановду колдоону чечишкендери, демек, короткон каражаттарын он эселеп кайтарып ала тургандыктарына Өмүрбек Токтогуловичтен кепилдик берилгендигин түшүндүрүп турабы?

2017-жылдын 1-сентябрында «Астана-Бишкек» түнкү рейси менен Казакстандын жараны Алижан Ибрагимов «Манас» эл аралык аэропортуна келип түшкөнүн ишенимдүү булагыбыздан маалымдашты. Эми Ибрагимов тууралуу кыскача маалымат бере кетели. Ал 1953-жылы Өзбекстандын Фергана шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келет. Учурда Казакстандын жараны, андан сырткары Улуу Британиянын да жарандыгын алган. «Евразиялык банк» АКсынын президенти, казакстандык ири ишкерлердин бири болуп саналат. Улуту боюнча уйгур.

Анын артынан эле 3-сентябрда жеке менчик самолету менен Ысык-Көл облусунун Тамчы айылына Муса Бажаев келип конгону кандай? М. Бажаев 1966-жылы Чечен Республикасынын Грозный шаарында жарык дүйнөгө келген. «Группа Альянс» ААКсынын президенти, «Жерүй» алтын кенинде үлүшү бар.

«Жерүй» алтын кени боюнча Ө. Бабанов менен М. Бажаевдин байланышы боюнча ММК беттеринде көп жазылды. Ошону менен катар «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстанда 2015-жылы катталган. Анын негиздөөчүсү «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча конкурста жеңишке жеткен «Восток-геолдобыча» ААКсы. Өз кезегинде «Восток-геолдобыча» М. Бажаевге тиешелүү болгон «Русская Платина» компаниясынын алдындагы фирма болуп саналат. Ошону менен бирге «Альянс Алтын» ЖЧКсынын 20% үлүшү Ө. Бабановго караштуу фирмага тиешелүү экенин маалымат каражаттары чуулдатканы чуулдаткан.

Ө. Бабанов менен жолугушууга М. Бажаев жалгыз келген эмес, аны менен чогуу бай бизнесмендер Дагестан республикасынын Дербент шаарынын тургуну С. Керимов, Дагестан Республикасынын Махачкала шаарынын тургуну «Вимм-Билл-Данн» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Г. Юшваев чогуу келгендиги айтылууда.

Мына ушундай мурда болуп көрбөгөндөй шайлоо кыска мөөнөттүн ичинде эки революцияны башынан өткөргөн Кыргызстандын тарыхый өнүгүү процессинде түзүлгөн саясый системанын арты менен жүрүүдө.

Ошол эле убакта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салкындап кеткен мамиле кайрадан жанданууда. Буга жакында эле Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга жасаган сапарынын жемиштерин мисал кылсак толук жарашат. Бирок, президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов мындай жоругу менен Кыргызстандын Казакстан жана Россия менен коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк мамилесине доо кетире тургандай саясат жүргүзүп жаткан жокпу?

Түшүндүрүп кетели, буга чейин АКШдагы президенттик шайлоо процессине Россиянын кийлигишкени боюнча айыптоолордун аягы тыйыла элек. Ал эми бизде болсо россиялык жана казакстандык олигархтар «кыргыздын Березовскийи жана Ходорковскийи» деп тааныган Ө. Бабановду түз каржылоого ниеттенгени эмнеден кабар берет?

Эми окуяны андан ары улайлы. Ө. Бабанов менен олигархтардын жолугушуусу Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттардын биринде өттү дейт. Бул пансионат А. Ибрагимовго тиешелүү деген кеп бар. Өзүнүн демөөрчүлөрүнө Бабанов 5-сентябрда таң эрте жөнөгөнүчү?

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга таянсак, бул жолугушууда Ө. Бабановдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо маселеси көтөрүлүптүр. Ал эми ага «ыраазычылык» катары Бабанов шайлоодон кийин аларга өлкөбүздөгү кен чыгуучу жайларга беш колдорун матырууга уруксат бериши керек эмеспи? Ошондой эле Кыргыз-Кытай темир жолун куруу долбоорун да аларга өткөрүп бериши болуп жүрбѳсүн?

Баса, мындан сырткары Ө. Бабанов менен казакстандык дагы бир олигарх Б. Утемуратовдун макулдашуусу боюнча да желип-жорткон кептер айтылууда. Утемуратов да Бабановдун шайлоо кампаниясын каржылоого катышат, ага «ыраазычылык» катары «Альфа Телеком» (Мегаком) ЖАКсынын акцияларынын пакетин Казакстандын пайдасына сатууну жана айрым кыргызстандык алтын кендерин берүү сүйлөшүлгөнүн Ѳмүрбек Токтогулович жокко чыгара алар бекен?

Мындан улам суроо жаралат: эгерде Бабанов жеңишке жетише турган болсо, анда ал «ыраазычылык» катары өлкө экономикасын толугу менен аттары аталган олигархтардын колуна өткөрүп береби?

Албетте, бийликке жетсем дегенде эки көзү төрт болуп турган Өмүрбек Бабанов чет өлкөлүк олигархтарга кандай чоң убадаларды берип салганын ѳзү коомчулукка ачык айтып, жогорудагыдай кеп-сѳздѳргѳ чекит коем десе редакциябыздын эшиги ачык. Эгер конкреттүү фактылар менен тѳгүндѳй албаса, анда айтаар кебибиз да жок. Анда муну шайлоочулар түшүнүшү керек… Кыргызстандын келечеги чоӊ сыноодо экенин түшүнүшү керек…

Булак: http://inter.kg/

М.Капашов

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here