Талапкер Өмүрбек Бабанов жер-жерлерди кыдырып, барган жерине акчанын күчү менен укмуш концерт берип миңдеген элди чоглутуп жатат. Элге эмне бекер концерт, бекер акчага бара берет, анан калса эл ичинде кимге да болсо “сени колдойбуз, сен укмушсуң”- деген дүжүрлөр да аз эмес. Кыскасы, өзүн эчак президент сезип, эйфорияга алдырып койгон Бабанов элге эби-сыны жок укумуш убадаларды берип, коомчулуктун кыжырына тийип, айласыздан жерге түкүртүп жатат. Бул эргул мамлекеттин, бюджетибиздин ахыбалын билбей эле, ошого жараша сүйлөбөй асмандын башын сүйлөп, ар бир адамдын кулагына кесме илгенге укмуш уста турбайбы. Сөзүнөн башка берекеси жок, бир эмес, бир нече жүздүү, жалаң гана байлыгы менен мансабына куучирен экенин бадырайып эле көрүнүп турат. Ошого карабастан Бабановдун бал сөзүнө эрип, эс-акылдан тайып, таманын жалап, колун өөп жатышат. Өбө бергиле, кошомат кыла бергиле, бергенин ала бергиле, бирок  асты “Алдар көсөөгө” алданбагыла…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here