Эркектерге эмне керек экенин түшүнүү жана аларды канаатандыруу жеңил. Аларга көп нерсенин кереги да жок, болгону жылуу сөзүңүздү туура айта билсеңиз болду. Бирок, биз көп учурда өзүбүздүн сырткы келбетибиз менен убара болуп, аларга айта турган сөзүбүзгө маани бербейбиз. Ал эми алардын баардыгы айымдардан төмөндөгү сөздөрдү уккусу келет.

“Сен ушунчалык күчтүүсүң!”

Ар бир эркектин ичинде бир баатыр олтурганын билсеңиз керек. Албетте, ал өзүнүн сүйүктүүсүн күчү аркылуу таң калтыргысы келет. Анын баатырдыгын, эрдигин көп сөз кылыңыз!

“Сен өзүңдүн сымбаттуу экениңди белесиңби?”

Биринчи бөлүмдүн уландысы… Эркектер бизге “кызганыч менен” карашат, себеби биз өзүбүз тууралуу жагымдуу пикирди көп угабыз. Айрыкча анын сырткы келбети тууралуу жакшы пикир билдириңиз, бирок үстүртөн.

“Сенин жөндөмдүүлүгүңө таң калам!”

Бирок, сиздин комплименттериңиз бир эле сырткы келбети менен чектелбеши керек. Андан дагы тереңирээк изилдеп, жакшы касиеттерин айтып олтуруңуз.

“Бул жолкусунда мен төлөйм!”

Адатта жигиттер сүйүктүүсүнүн баардык муктаждыктарын өз мойнуна алат. Ошондуктан, кээде бир бөлүгүн сиз төлөсөңүз, ага да жагымдуу болот жана сиз аны пайдаланып жүрбөгөнүңүздү билдиресиз.

“Мен сени сүйөм!”

Бул сөздү баардык эле адамдын уккусу келет. Ар бир адам үчүн өзүнүн баалуу, сүйүктүү экенин угуу өтө маанилүү.

“Сен башкаларга окшобойсуң!”

Башка жигиттерди жамандап, алардын жаман экенин айтуудун кажети жок. Болгону анын өзгөчө экенин сездириңиз!

“Сен менин камкорчумсуң, мыкты атасың!”

Үй-бүлөсүн камсыз кылуу — эркек үчүнчоң жоопкерчилик экенин сезиши керек. Сиз анын эмгегин баалай билиңиз.

“Сенин жаныңда өзүмдү коопсуз сезем!”

Бул жигиттер коомуна жага турган сонун сөздөрдүн бири. Эгер ал сиздин коргоочуңуз экенин сезсе, күчтүрөөк болот.

“Мен сени сыйлайм!”

Мырзалар үчүн аялдын махабатынан мурун, сыйлоосу өтө маанилүү. Муну бир эле сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө да далилдөөгө аракет кылыңыз.

“Сенин досторуң жакшы экен!”

Жигит үчүн сүйүктүүсүнүн достору менен да сыйлаша алганы маанилүү.

“Кечирчи…”

Тилекке каршы, бул сөздү биз өтө сейрек айтабыз. Ошондой болсо да, биздин кечирим сураганыбыз,  алардын өз каталарын түшүнүүсүнө жардам бериши мүмкүн

Булак:Чабарман

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here