Интернетке Кара -Буура райондук кеңешинин төрагасы Кубаныч Жээнчороевдин Өмүрбек Бабанов, Кенжебек Бокоев,  БӨТтүн кан досу Кайсар ж.б. менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү  тарап, ал учурда кызуу талкууга түшө баштады. Кубаныч Жээнчороев деген ЖК депутаты Мирлан Жээнчороевдин тууганы экен, бирок бир тууган агасы эмес. 2015-жылы Бабановдун партиясынан  айылдык кеңешке депутат, андан соң төрага болуп шайланыптыр. Сүйлөгөнүнөн эле көрүнүп турат, бул адамдын кандай иштерге жөндөмдүү экени. Шыпылдайт да чиркин… Кишинин ич-койнуна оңой-олтоң эле кирип, төш кагып баарын кыйрата берем деген мүнөзү сөзүндө көрүнүп турат.  Кыскасы, ал деле Бабановдун өзүнөн кем эмес тура…

Ал эми өзүн укмуш дипломат, эң акылдуу көрсөтүп жүргөн Бабанов  ал төраганы озго алгыс сөздөр менен ашата сөкксө, сөгөнөк жаш балдар жанында чыдап тура албастыр. Негизинен ортодогу сөз шайлоо, элди чогултуу жана акча туурлуу жүргөн. Бабанов ага штабга барып: «аны-муну алып кет» деп айтып атат. Аны-мунусу албетте, самандай сапырылган акча эмеспи.  Ушул сөздөрдү угуп олтуруп Бабанов элди шайлоодо сатып алууга аракет кылып жатканынан дагы бир ирет ынанат экенсиң. Кылгын былыктарынан эч качан уялбаган Бабанов бул сүйлөшүүнү монтаж деп бакырып чыгышы мүмкүн. Эч кандай монтаж эмес. Чындык экени кашкайып көрүнүп турат. Бирок аны кимдер жаздырып алып, таратып жибергени азырынча белгисиз.

Чынында Бабанов акчага гана ишенет. Башка эч кимге. Керек болсо өзүнө дагы. Ал акчасы жок эч ким эмес… Болгону байлык менен мансаптын кулу. Элге кыйратып жакшылык кылган деле эмес, мындан ары деле кылбайт. Буга анын далай шойкумдуу жүрүштөрү нак далил. Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Бабановду колдоп жаткандар акыл калчап, кошоматты токтотуп, анын былыктарын эске алышы зарыл…Албанбагыла, Алдаркөсө саясатчыларга…

https://www.youtube.com/watch?v=fbKukqs6IRw&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here