Башкы прокуратура Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектеп курулушунан чоң суммадагы акча желди деген жүйө менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдарына иш козгону  маалым болду. Мамлекетке   бул мектепти курган “Айкөл  курулуш” аттуу жеке  менчик компаниясы  келтирилген чыгым 91,5 миллион сомду чапчыйт. Мектеп 1020  орундук болуп, Кытайдан келген акчага курулган. Ага 2 миллион доллар жана 104 миллион сомдон ашык каражат кеткен. Бул тармактагы адистер бул акчага 600 орундуу үч мектеп салынмак деген пикирин  билдиришкен. Азыр ушу тапта  тергөө иштери уланууда. Элестетиңиз,  бир эле мектептен ушунча жеп  жаткан сугалактар, он мектеп салса, далай акчаны жешет да. Деги эле, мамлекеттен акча жегендерге катуу чара көрүү зарыл.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here