Башкы прокуратура Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын мугалимине кылмыш ишин козгоду. Белгилүү болгондой ал мугалим айым студенттерди бир талапкерге Сооронбай Жээнбековго добуш берүү боюнча мажбурлап жыйын өткөрүп жатканын жаздырып алышып, интернетке таратып жиберишкен. Эми ал мугалимге кандай чара көрүлөрүн убакыт көрсөтөт.