Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун ысымы “Жерүй” долбоору менен биргеликте ар убак элдин кулагында. “Биринчиси – кокустук, экинчиси – дал келүү, ал эми үчүнчүсү – мыйзам ченемдүүлүк деп бекеринен айтылбагандыр. Редакциянын колуна тийген документтерден “Альянс Алтын” компаниясы (кенди иштетүүчү) менен “Республика — Ата-Журт” фракциясынын лидерине таандык “Кыргызстан” АКБнын өз ара байланышы бар экендигин баамдоого болот. Кокустукпу же саясатчынын бул долбоорго аныгында эле тиешеси барбы?

 Мен – мен эмес, үй дагы меники эмес

 “Альянс Алтын” ЖЧКсы 2015-жылы Кыргызстанда каттоодон өткөн, анын уюштуруучусу алтын запастары боюнча республикада экинчи орунда турган “Жерүй” кенин иштетүү боюнча сынакты жеңип алган “Восток-геолдобыча” ААКсы болуп саналат.

“Восток-геолдобыча” россиялык белгилүү бизнесмен Муса Бажаевге таандык “Русская Платина” компаниясынын туунду фирмасы. Анын дагы бир өнөк кожоюну Кыргызстанда “токмакский граф” катары таанылган бизнесмен Алижан Ибрагимов.

“Альянс Алтындын” 20% үлүшү Бабанов менен аффилдешкен фирмаларга таандык экендиги көп ирет жазылган. Арийне, саясатчынын өзү алтын кенди иштетүү долбооруна катыштыгы жок экендигин танып келет. Журналисттердин суроолоруна жооп кайтарган “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери “Жерүйгө” тиешеси бар деген ушактарды “кара пиар” деп атаган. Ал Бажаевдин компаниясы 2015-жылы Мамгеология жарыялаган сынакта жеңишке жетишип, лицензияны 100 млн долларга сатып алгандыгын айткан.

“Мындан тышкары, алар казакстандык “Визор” компаниясы биздин мамлекетке койгон 585 млн доллар доону жокко чыгартты жана АКШдагы биринчи соттук териштирүүнү жеңип алды. Маалыматым боюнча аларга 65-70 млн доллар төлөп берди. Дагы 20 млн. долларды долбоордук жумуштарга жумшады. Тактап айтканда, бүгүнкүгө чейин алар 190 млн. доллар инвестиция салууга жетишти. Мунун эмнеси жаман? Ким акыркы жылда компанияны 100 млн. долларга көндүрө алды? Фабрика же заводду эмес, болгону лицензияны гана сатып алды”, — деп Бабанов инвесторду колунан келишинче калкалады.

“40%ы Ибрагимовго, 60%ы – Бажаевге жана 20%ы – меники деп жатышат. Мен эч кандай саясий кызматты ээлеген эмесмин (сынак болгон мезгилде), премьер-министр, депутат да болгон эмесмин. Эгер мага таандык болсо, өзүмө эле каттатып алмакмын”, — деп кошумчалады депутат.

 Дал келүүбү? Антип ойлобойм!

 Муса Бажаев менен Өмүрбек Бабанов мурдатан эле бизнес өнөктөштөр экендиги белгилүү. 2000-жылдардын башында алар биргеликте Кыргызстанда “Альянс” мунай компаниясын ачышкан жана ошондой эле Россияда да биргелешкен бизнестери бар.

Сыягы аларды ишкер мамиле эле байланыштырбайт. Интернетте Муса Бажаевдин 50 жылдыгындагы бирге түшкөн сүрөттөрү кеңири таркаган. Россиялык бизнесмен жана кыргыз саясатчысы көптөн бери дос экендигин жашырышпайт.

Жер үй алтын кени…

2006-жылдагы абалын эстеген Бабанов журналистерге берген интервьюсунда эмне дейт: “Менден баары жүз буруп кетишти. Өз көйгөйлөрүм менен жалгыз калдым. Ошондо мага жардамга колун сунган бир гана досум Муса Бажаев, менин өнөгүм болгон”.

Ал “Жерүй” кенин иштетүү боюнча тендерге катышууга Бажаевди көндүргөндүгүн” моюнга алат, бирок анын кызыкчылыгына жан тарткан эмесмин дейт.

Бирок, фактылар (же дал келүүчүлүкпү?) тескерисинче болуп жатат. “Альянс Алтын” ЖЧК түзгөн фондуну пайдалануу менен бабановдук банк аркылуу Таласта миллиондук операциялар жүргүзүлөт. Ошол эле учурда аймактын өнүгүүсүнө делген акчалар жергиликтүү чиновниктердин, асыресе облус губернаторунун муктаждыктарына ийгиликтүү сарпталары да айтылууда.

 Фонд жөнүндө бир ооз кеп айталы

 Расмий аталышы – “Фонд благосостояния — Бакубат Талас”. Бул өкмөттүк эмес уюм. 2016-жылдын июнь айындатүзүлгөн жана жалгыз уюштуруучусу “Альянс Алтын” ЖЧКсы. Фондуну Белек Абданбек уулу жетектейт, ал эми Байкоочу кеңешинин төрагасы – Көлбай Мусаев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары жана Антитеррористтик борбордун экс-жетекчиси.

Кыстара кетсек, ал тууралуу өткөн жылдын май айында Муса Бажаев менен Кыргызстандын атайын кызматынын экс-жетекчиси Бусурманкул Табалдиевдин интернетке жарыяланып кеткен телефондогу сүйлөшүүлөрүндө эскерилет. Сыягы, ал сүйлөшүүлөр “Жерүйдү” иштетүүгө таластыктар массалык митингдерге чыгып жаткан мезгилде жазылып калгандай. Телефондогу сүйлөшүүдө Табалдиев “Альянстын” жетекчисине өзүнүн мурдагы орун басары Мусаевди ишке алууну сунуштап жатат.

Кечирээк, бул жазуунун аныктыгын Бажаев өзү тастыктап берген. “Бусурманкул Бүркүтович “Жерүй” кенинде коопсуздуккызматын уюштурууга кеңеш берип, УКМК төрагасынын мурдагы орун басары генерал-майор Мусаевди сунуштаган”, — дейт ал.

“Жерүй” кенин иштетүүгө лицензия берүү боюнча сынактын жыйынтыгында Кыргызстандын өкмөтү инвестордун алдына бир ай ичинде компаниянын каттоодон өткөрүү, мамлекеттик бюджетке 100 млн доллар которуу, Кыргызстандын мурдагы инвесторго карызын өзүнө алуу, соттук чыгымдарды жабуу жана социалдык пакетти камсыздоо, тагыраагы аймакты өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлүү шартын койду.

колбаев

Акыркы пунктту аткаруу үчүн биз жергиликтүү бийликтер менен келишим түзүп “Фонд Благосостояния — Бакубат Талас” өкмөттүк эмес уюмун ачтык”, — деп түшүндүрдү “Альянс Алтындын” башкы директорунун орун басары жана фондунун Байкоочулар кеңешинин төрагасы Көлбай Мусаев.

Айтымында, Талас облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү келишимине 2016-жылдын 17-июнунда Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен ЖЧК жетекчилиги кол коюшкан. Ошондо фонд дагы түзүлгөн. Анын ишмердигин “Альянс Алтын” жетекчилиги тарабынан куралып жана бекитилген Байкоочу кеңеш көзөмөлдөйт. Байкоочу кеңеш Талас шаарынын жана облустун төрт райондорунун өкүлдөрү болуп саналган жети мүчөдөн турат.

Мусаев фондунун башкы миссиясы – Талас облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу, ошондой эле жумушчу орундарын уюштуруу экендигин түшүндүрдү. “Фондунун бюджети ар жылы “Альянс Алтын” ЖЧК тарабынан каржыланат – алгачкы үч жылда 100 миллион сомдон, ал эми кийинки жылдары 150 миллион сомдон бөлүнүп турат”, — деди фондунун Байкоочулар кеңешинин башчысы.

 Сөз жана иш

 Арийне, иш жүзүндө (тагыраагы документтер боюнча) акчалар социалдык-тиричилик көйгөйлөрдү чечүүдөн тышкары, жергиликтүү чиновниктердин жеке керектөөлөрүнө сарпталарын көрүп жатабыз. 52 миң 491 сом Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүн “Кыргызтелекомдун” жогорку ылдамдыктагы интернетине кошуу кызматтары үчүн төлөнгөн.

Дагы 45 миң 500 сом — Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн веб-сайтын иштеп чыгуу жана түзүү келишимине төлөнгөн. Ал эми иштеп чыгуу менен түзүүнүн өзүнө дагы канча акча керек?

Фондунун Уставында “Бөлүнгөн акчалардын 70%ы аймактагы ишкерликти каржылоого, чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, ишмердиги “Альянс Алтын ЖЧКнын жана анын персоналынын муктаждыктарын (ташууларды уюштуруу, утурумдук жумуштар, тамак-аш, атайын кийим тигүү ж.б) тейлөө менен байланышкан ишканаларды ачууга жумшалат” деп айтылган.

Документтерден аймакта ишкерликти каржылоого бөлүнгөн акчаларды 3%дык үстөк менен ”Кыргызстан” АКБга берилгендиги көрүнүп турат.

Ал эми бүгүнкүгө чейин банк таластыктарга жылдык 8% үстөк менен 68 миллион сом кредит берген. 5%дык маржа түп-түз эле “Кыргызстан” АКБнын кожоюндарынын чөнтөгүнө түшүп жатпайбы. Социалдык программаларга жамынган эң сонун бизнес экендиги байкалып турат. Бул банк Бабановго таандык экендиги белгилүү. Бул дагы кокустукпу?

 Ачканда көрөбүз

 Фонд менен кызматташууга эмне үчүн “Кыргызстан” банкы тандалгандыгы тууралуу “Альянс Алтын” ЖЧКнын башкы директорунун орун басары башкалардын сунушу пайдалуу болбогондугунайтат. Койсоңчу эй, жомокту дегиң келет.

“Республика – Ата-Журттун” лидери кредиттер жана банктар менен байланышкан жаңжалдарга биринчи ирет кабылып жаткан жок. Быйыл апрель айында эле Өмүрбек Бабанов Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 млн. доллар жеңилдетилген кредит алганы ачыкка чыкты.

Акчалар “Азия-Молл” соода борборунун курулушуна алынган. Депутат кийинчерээк, кредитти мен эмес, “тууганым” алган деп түшүндүрдү. Ал тууганы эл депутатынын жубайы Рита Бирбаева болуп чыкты. Уставы боюнча РКӨФнүн саясатчыларга кредит берүүгө укугу жок экендигин эске салсакпы…

Ал эми Таласта орун алган окуялар тиешелүү органдардын кызыгуусун жаратууда. “Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ч.Д.Төрөкулов Фондунун социалдык пакетин жүзөгө ашырууну, көзөмөлдөбөйт, ошондой эле ал Фондунун каражаттарын Банкка аманатка коюунун пайыздык ставкалары канча экендигине жооп бере алган жок” деп айтылат документте.

Өкмөттөн түшүндүргөндөй Кыргыз Республикасынын “Кен байлыктар жөнүндө” мыйзамынын 30-1 беренесине ылайык, социалдык пакет (сынак объектилери жайгашкан аймакта кадрларды даярдоо, жергиликтүү калкты иш менен камсыздоо, инфраструктураларды куруу жана башка шарттарды түзүү) жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик муктаждыктарын каржылоо программасына кирет.

“Келишимдин аткарылышын анализдөө Соцпакеттин каражаттары өнүктүрүү максатына эмес, Талас облусунун калкынын жашоо шартын жакшыртуу үчүн кайтарым бербеген кыска мөөнөттүү социалдык программаларды колдоого пайдаланылат деген бүтүм чыгарууга алып келди. Андан тышкары, 100 миң сомго жакын акча жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулууга жана өкүлчүлүктүн веб-сайтын түзүүгө максатсыз пайдаланылган” деп белгиленет өкмөттүн документинде.

Банк менен инвестордун келишимдери, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын кайтарымсыз пайдаланылышы боюнча документтер териштирүү үчүн укук коргоо органдарына берилгендиги маалым болду. Олигархтардын күңүрт схемалары объективдүү иликтенеби же “бардыгы элдин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдын алкагында жасалган” деп будамайланабы?

Азамат Камчыбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here