Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эки жаатка бөлүнүп, ырктары келишпей жатат. Комиссиянын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиева БШКнын жыйынына катышпай коюшкандыктан кворум жок, жыйын үзгүлтүккө учурап өтпөй калды. Бул кылыктары үчүн аттары аталган төртөө маалымат жыйын куруп, себептерин түшүндүрүүгө аракет көрүштү. Натыйжада алардын пикири эске алынбай жаткандыктан ушундай кадамдарга барышканын айтып актанышып, БШКнын төрайымын күнөөлөшүп коомчулукка, парламентке кайрылуу жолдошту. Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова:“Комиссиянын айрым мүчөлөрү ишке атайын тоскоолдук жаратып жатышат, алар президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгын коргогондор” – деп атады. Бул туурасында: «Үгүт иштери боюнча мыйзам бузуулар жөнүндө маселе каралмак. Мисалы, талапкер Бабановго карата. Башка да маселелер бар болчу. Менимче, булар атайын эле, бул маселелер каралбасын деген максатта биздин отурумду болтурбай коюшту, кворум кылбай» – деп билдирди.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here