Кытайдын бийлиги өлкө аймагында WhatsApp кат алмашуу тиркемесин колдонууну токтотту. Бул тууралуу The New York Times Париждеги Symbolic Software изилдөө компаниясына шилтеме берүү менен бидирди.
Маалым болгондой, WhatsApp тиркемеси аталган өлкөдө жеткиликтүү болгон Facebook компаниясынын акыркы кызматы болчу. Ал эми, социалдык түйүндүн өзү 2009-жылы колдонуудан чыгарылган. Ошондой эле, Кытайда Instagram социалдык түйүнү да жеткиликтүү эмес.
Кат алмашуу тиркемесин колдонууну токтотуу 20-сентябрда эле башталып, кечээ, 25-сентябрда өлкөнүн бардык аймагында байланыш үзүлдү. Бул үчүн атайын адистештирилген программа иштелип чыккан.
Июль айынын ортосунда Кытайдын бийлиги WhatsApp аркылуу видео сүйлөшүү жана сүрөт жиберүү кызматын өчүргөн. Бирок текст түрүндө билдирүү жиберүү жеткиликтүү болчу. Эми тиркеменин кызматтары толугу менен өчүрүлдү.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here