Токтогул, Ноокен, Сузак райондорунун аймагындагы жайлоолордо жайылып жүргөн малды уурдоого шектүү үч жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМДин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жайында мал уурдалып жаткандыгы тууралуу арыз менен жергиликтүү тургундар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылышкан.

«Жабырлануучулардын арызында жалпысынан 59 бодо мал уурдалганы белгилүү болгон. Натыйжада келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллион 780 миң сомду түзгөн. Ыкчам кызматкерлер тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Алай районунун 44 жана 33 жаштагы үч жашоочусу шектүү катары колго түшүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн мындан башка иштерге тиешеси бар-жоктугу такталууда. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

sputnik.kg булагы .

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here