Мамлекеттик салык кызматы Бишкектин ресторандарында эреже бузуу менен иштеп жаткан тамада менен сүрөтчүлөрдү аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Аталган мекеме рейд уюштуруп, калаадагы ресторандардын биринде сүрөт тартуу кызматын көрсөткөн жеке ишкер К.Майназаровдун жанында патенти болбогону аныкталган.

Ошондой эле сүрөт тартуу кызматын көрсөткөн дагы бир компания менен тамадалык кызмат сунуштаган жеке ишкер Б.Байсариевдин тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

Салыкчылар башка ресторанды текшере келгенде ал жакта тамадалык кылган М.Осмоновдун жана сүрөт тартуу кызматын көрсөткөн жеке ишке Ж.Эсенбековдун ыктыярдуу патенти жок болгон.

Ушундай эле абал эс алуу жайларынын биринде тамада болгон У.Борченовдун да патенти жок экени аныкталган. Тийиштүү документтери жок эле сүрөткө тартуу кызматын сунуштаган жеке ишкер Э.Жунусовдун дагы патенти болгон эмес.

Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче тойлордо жана башка салтанаттарда кызмат көрсөтүү боюнча (музыканттар, тамадалар, бий топтору, актерлордун тобу жана башка кызмат көрсөтүүлөр) салыктын көлөмү ай сайын 500 сомдон 2,5 миң сомго чейин жетет.

Сегиз айдын жыйынтыгында дал ушундай кызмат көрсөтүү боюнча болгону 665,4 миң сом салык түшкөн.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here