Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Темир Сариев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй жазып,  коомчулукка билдирүү таратты:

Урматтуу достор!

-Сиздерге биздин шайлоо штабыбыздагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайм. Штабды жетектеген Элмира Султановна Ибраимова кызматын тапшыруу чечимин кабыл алды. Анын ордуна штаб башчы болуп тажрыйбалуу башкаруучу, шайлоо кампаниясы башталгандан тартып штаб башчынын орун басары жана өлкө боюнча аймактык координаторлор менен иш алып барган А. К. Эргешов дайындалды. Ал эми Эльмира Султанованын мындай чечим кабыл алышына президенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаал себеп болгонун айтсак болот.

Мен жана биздин команда өзүбүздөн алдыбызга тээ башында койгон максаттарга жетүү үчүн ишибизди улантып, позициябызды бекемдей бермекчибиз. Ал принциптер жөнөкөй: чынчыл күрөшкө багытталып, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздай турган өзүбүздүн программабызды, идеяларыбызды жайылтууну улантуу.

Мен Элмира Султановнага борбордук штабдын ишине кошкон салымы үчүн ыраазычылыгымды билдирем жана мындан аркы саясий ишмердигине ийгиликтерди каалайм.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here