Негизи ар-бир инсан иштеген ишинин майын чыгара аткарып, артында жакшы сөз, өчпөс из калтырып кетүүгө милдеттүү. Мен келечекте аткарам деп куру убада бербестен, буга чейин элим үчүн эмне иштерди аткардым деп анализ жасоо керек. Бүгүнкү күндө майкөл-сүткөл жашоону орнотом деп төшүн кагып жаткан эргулдарыбыз буга чейин да популисттик куру убадалары менен элдин башын айлантып келген. Алар бул жолу да элди алдоо менен убара. Алардан айрымаланган Темир Сариев ар-бир иштеген ишинин акыр аягына чейин чыгып, өлкө үчүн бир топ алгылыктуу иштерди аткарып, кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк таап келет. Темир Аргенбаевич куру популисттик убадаларды эмес, реалдуу убадаларды берүүдө. Темир Сариев убадага бек турган, иш билги инсан экенин анын кылган эмгектери далилдеп турат. Жалпыбыз бул жолу тикебизден тик туруп, куру популисттик убадаларды эмес, реалдуу аткаруучуну тандоо мезгили келди.

Темир Сариев эл менен болуп келген, эл менен боло берет. Кыргыз эли бул жолу жаңылбай туура тандоо жасоого милдеттүү.

Кыргыз эли бүгүнкү күндө — принципиалдуу, чечкиндүү, мекенчил-патриот, сөзүнө турган, тажрыйбалуу, руханий жактан бай, улуттук Лидерге суусап турат. Мен бүгүн ушул талаптарга жооп берген улуттук Лидер деп Темир Сариевди айта алам.

Бул жолу өлкөнүн тагдырын, уул-кыздарыбыздын келечегин арзыбаган тыйынга баалабай, Кыргызстандын өгүгүүсү үчүн чын жүрөгүбүз менен татыктуу инсанга добуш берүүгө милдеттүүбүз.

Темир Сариевдин Экономика министри жана Премьер-министр болуп турган кезинде ишке ашырган опол тоодой эмгектерин сунуштайбыз:

2015-жылы өкмөттү жетектеп турган мөөнөтүндөгү жасалган иш аракеттердин негизги жыйынтыктары.

2011-2015 жылдары Экономика министрлигин башкарып турган убакта Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрү.

Булак:ЧЫНДЫК

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here